Кыргызстан менен Орусия кыргыз жергесинде дагы бир орусиялык авиабаза жайгаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн “РИА новости” агенттиги премьер-министр Сапар Исаковго шилтеме менен жазып чыкты.

27-сентябрда Стамбулдан кайткан маалда Ташкент аэропортунан кармалган белгилүү өзбек жазуучусу Нурилло Отаханов 1-октябрда эркиндикке чыкты. Анын уулу Файзулла Отаханов билдиргендей, кечээ Яшнабад РИИБ башчысы жазуучуну үйүнө чейин жеткирип келген.

Шайлоо маалында абалды курчутам дегендерге карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаковдун жубайы борбордогу төрөт үйлөрдүн биринде көз жарды. Буга чейин жубайлар 3 кызды тарбиялап жатышкан.

Бишкектеги Свердлов райондук соту көмүскө жай уюштуруу жана саунанын имаратын сойкулук үчүн берүү боюнча айыпталган Россиянын 43 жаштагы жараны Г.Л.ны күнөөлүү деп тапты. Ага 50 миң сом айып пул салынганы соттун 5-январдагы токтомунда маалымдалган. 

1-октябрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жолугушууда мектеп, бала бакчалардын курулушу, айылдардагы жол, ичүүчү суу жана башка ыңгайлуулуктарды өнүктүрүү боюнча суроолорго жооп берди.

Тажикстанда кезектеги аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Анткен менен акыркы жылдары өлкөдө армияга баруудан качкан өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Жыл сайын аскер курагындагы ондогон жаран кызмат өтөөгө «жараксыз» деп табылууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан "Маданият" көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Бишкек, «Саясат. kg». Таласта Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты.

Бишкек, «Саясат. kg». Депутат Канат Исаев УКМК кызматкерлери тарабынан бийликти күч менен басып алууга ниеттенгени үчүн шектелип кармалган.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы штабдарынын алдында талапкерге каршы акциялар өттү.  

Экс-депутат, “Кумтөрдөгү” чыдыкты ачыкка чыгарам деп бийлик жек көргөн адамга айланган, күнөөсү далилденбесе да 11 жарым жылга кесилген Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл эже менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

Шайтан жолдо калды...

“Келме кезек, терме тезек” дегендей, азыр бир кезде К. Ташиев, А. Келдибеков сыяктуу кыргыздын белдүү жигиттеринин үстүнөн ойдон чыгарылган кылмыш ишин токуп, депутаттык мандатын тартып алуу, түрмөгө камоо сыяктуу Ак үйдүн “репрессияларын” ишке ашырган экс-башпрокурор Аида Салянованын өзүнүн башына кара булут айланып аткан кербези.

“Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун” демекчи, өзүбүзгө байкалбаган менен керемет тоолорубуз менен нукура жашоонун казаны кайнаган айылдарыбыздагы турмушту өз көзү менен көрүү үчүн келген чет элдик туристтер көп.

Калктын 90%ы иштебеген азыркы заманда өзгөчө өмүрү бир жерде иштебеген, көп балалуу үй-бүлөлөр өлбөстүн күнүн көрүп эле жашап жатышат. Андай үй-бүлөлөрдүн чоң балдары базардан картон, кагаз, желим баштык чогултуп нан, чайга акча табышат.

Биздин бийликтин дайыма жаңы жылда элге тигил же бул коммуналдык кызмат акысын же азык-түлүктү кымбаттатып “белек” тартуулаган адаты бар. Быйыл ошондой “жагымдуу кабарды” Бишкектин мэри күзүндө, шайлоонун алдында эле “сүйүнчүлөдү”.

Ашхабад шаарында имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары аягына чыкты.

Парламент кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.