Кыргызстанда гана эмес, четте да белгилүү “Президент жана бомж”, орус кино жылдыздарынын катышуусундагы “Москва сүйүүсү” тасмаларынын сценаристи жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков менен маек

 

Картинки по запросу Өмүрзак Төлөбеков

 

- Өмүке, Назарбаев тууралуу даректүү тасма тартканыңызды биздин гезиттин окурмандарына жарыя кылдык эле. Кино сүйүүчүлөр Казак эл башынын Кыргызстанда өткөн бала чагы тууралуу ал тасмаңызды кайдан көрө алышат? Телеканалдарга берген  жоксузбу?

 

- “Дүйнөлүк Назарбаев” аттуу тасманы мамлекеттик жана эркин теле каналдардын дээрлик көпчүлүгүнө сунуштагам. Өкүнүчкө карай, бир гана эркин телеканал берип, калгандары көрсөтпөй атат. Бирок, кызыккан көрөрман “Мировой Назарбаев” деп интернеттен издеп көрсө болот.

 

- Көпчүлүк телеканалдар андай кызыктуу тасманы эмнеге көрсөтпөдү? Кайра эки элдин достугуна салым кошчу фильм эмеспи. Же, саясий жактан биздин саясатка туура келбеген эпизоддор бар беле?

 

- Андай саясий доомат коюлчу олуттуу жагдайлар деле жок. Болгону кийинки кездердеги биздин эки мамлекеттин ортосундагы нота алмашмайлардан улам мелүүн тарткан мамилелер себеп болуп атат окшойт.

 

- Назарбаев Бабановду кабыл алгандан кийинки эки өлкө тышкы иштер министрликтеринин нота жолдоолору тууралуу айтып атасызбы? Ооба, биздин жетекчилер Нурсултан Абишевичтин Бабановду колдогонун эл аралык ызы-чууга айлантышты. Бул маселеге Назарбаев тууралуу кино тартып ал кишини урматтаган сиздин пикириңиз кандай?

 

- Кыргызстан азыр ЕврАзЭСке, ОДКБга мүчө. Миллионго жакын жарандарыбыз Казакстан менен Орусияда иштеп-жашап жүрүшөт. Демек, Орусия менен катар кошуна Казакстан менен экономикалык да, саясий да жактан өтө жакын ымалалашпыз. Анын үстүнө кыргыз-казак тили, дили, өң-келбети окшош, бир тууган, кошуна эл. Андыктан Казак эл башы биздеги мамлекет тагдыры чечилээр өтө жооптуу учурда келечегибизге тынчсызданып, эртең журт башына келиши күтүлчү фаворит менен баарлашканы жөндүү, мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, эгерде кокустан эртең Кыргызстанда кайрадан кыйчалыш кырдаал жаралып калса, арийне, Кудай анын бетин ары кылсын, бизге күйө турган жалгыз эле ушу Нураке. 2010-жылы Бакиев революциядан кийин Ошко барып, Кыргызстанда аймактык чатак чыгып кетүү коркунучу туулганда учагын жиберип, аны ары Белоруссияга учуруп, кылтылдаган абалды жөнгө салып, элибизди капсалаңдан сактап калганын унутуп койдук окшойт.

 

- Биздикилер Бабановду колдогонуна таарынып атпайбы.

 

- Назарбаев эл аралык деңгээлдеги зор саясатчы, кимди колдошту жакшы билет. Ал киши биздеги абал менен кылдат тааныш экенинде шегим жок. Демек, Бабановдун элде баркы чоң экенин туйду.

 

- Бабановдун аялы казак, апасы курд. Ошон үчүн аны чет мамлекеттер колдогонуна эл ичинде тынчсыздануу жаралып атат да.

 

- Аялы казак экени чын. Бирок, мен билгенден апасы курд эмес, түрк кызы.

 

- Муну так билесизби?

 

- Атасы ыраматылык Токтогул Бабанов мыкты киши болгон. Таластагы бирден-бир ири “Россия” колхозун көтөрүп, СССР депутаты, бүткүл союздук колхоздор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Токо тууралуу китеп жазууда Өмүрбек Токтогуловичтин бир тууган таякеси, Киров райкомунда уюштуруу бөлүм башчысы (азыркы аппарат башчы) кызматын аркалап, аймактагы белгилүү жетекчиге айланган Ахмед Шакиров менен кенен аралашканым бар. Алар турк улутунан экенин Ахмед аке жеткиликтүү айтып бергенине күбөмүн. Ал эми апасы жана аялы башка улуттан болсо, анын эмнеси чекилик. “Курама темир курч болот” деп элибиз аял-эркек башка улуттардан болсо, кан алмашып, уул-кыздары мыкты чыгаарын, улуттардын жакындашуусу, достошуусу ийги жышаан экенин илгери эле осуят кылып калтырган. Эмне, Манас атабыз тажик кызына баш кошуп, Семетей башка улутка жээн болгонунан, же, даңктуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун татар улутунун жээни болгонунан кыргыз зыян тартты беле? Тескерисинче, ар улуттан турган Америка дүркүрөп өскөнү улуттар алакасынын өнүгүүнүн жагымдуу шарты экенин айгинелейт. Анан да бүгүнкү ааламдашуу шартында минтип улутка бөлүнүп ызы-чуу көтөргөнүбүз натуура иш.

 

- Сариев тууралуу даректүү тасма тартып аттыңыз эле, эми Бабановду колдоп атасызбы?

 

- Сариев, Бабанов, Жээнбеков - учурдагы алдыңкы саясатчылар. Ар кимисинин артыкчылыгын айтышыбыз керек. 

 

- Кинопродюсер саясатка баш оту менен киргениби?

 

- Саясат курчуп атканда четте тура албай оюбузду билдирдик да. Болбосо Кудайым жол берсе эртең Астанага, андан ары Москвага жол тартканы турам.

 

- Жаңы кинолорду тартканыбы?

 

- Ооба.

 

- Кандай кино тартмакчысыз?

 

- Өткөндө айттым эле, Москвалык ири дистрибьютердик кинокомпания менен иштешип атканымды. Алар менен “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмабыздын экинчи бөлүмүнө узанмакчыбыз. Биринчисинде Нураке тууралуу Кыргызстан жана Орусия коомчулугунун пикирин тартууласак, эми дүйнөлүк лидер Нурсултан Абишевичтин эл аралык аренадагы орду тууралуу Америка, Европа, Азиянын бир катар ири мамлекеттеринин саясатчыларынын жана элинин пикирин чагылдырмакчыбыз.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (321), 03.10.2017-ж.