Соңку кезде президенттикке талапкерлердин динине, улутуна, жердигине, кала берсе сырткы келбетине асылып, кемсинткен каралоо күчөп, чектен чыкканы айтылууда.
Айрым байкоочулар мындай “кара пиар” саясий маданияттын төмөндүгү десе, кээ бири кадыресе көрүнүш катары баалашат. Талапкерлерди каралаган ар кандай видео, фото жана макалалар социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу тарап жатат. Андыктан мындай “кара пиарды” кимдер кылып жатканын ачыктоо кыйын.
Активист Болот Темиров “Фейсбукта” атайын фейк аккаунттарды аныктаган баракча ачып, талапкерлердин үгүт ыкмаларына көз салууда. Анын баамында соңку учурда айрым талапкерлерге каршы “кара пиардын” эң ыплас ыкмалары колдонулуп жатат. Социалдык тармактардан талапкердин улутуна шек келтирген, жакындарын кемсинткен материалдар желдей тарап жатканын байкоого болот: “Чектен ашып кетишти. Калп маалыматтарды таратып, шылдыңдап, маймылга теңеп сүрөт жасап, каза болгон энесинин улутуна чейин асылып жатышат. Бул эми адамкерчиликке жатпайт, экинчиден “кара пиар” өз максатына жетпейт. Мындайлар чыга берсе улут аралык маселе чыгып кетиши мүмкүн”.
Булак: “Майдан. kg” гезити