Катышуучулар Өмүрбек Бабановдун Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөзүнө каршы чакырыктарды көтөрүп чыгышты. Ош жана Жалал-Абад шаарында бул акцияларга жүздөн үч жүзгө чейин киши чогулганы кабарланды.

 

28-сентябрда Өмүрбек Бабанов шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында Оштун Амир-Темир (Он-Адыр) кичи районунун тургундары менен жолуккан. Анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер интернетте тараган.

 

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөр монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт. Ошондой эле “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата кара пиар күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыкты.

 

Бабановдун штабы буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдонорун, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектигин” билдирди.

 

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка 13 талапкер расмий катталган, бирөө – Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарын 25-сентябрда билдирген. 

 

"Азаттык"