Жалал-Абад шаарында окуучуларга билим берүүнүн сапаты улам жогорулоодо, ал эми жергиликтүү бийликтер мугалимдерге болгон камкордукту күчөтүшүүдө. 3-октябрда Жалал-Абад шаарындагы областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрында мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанатта ушундай пикир жаңырды. Салтанат учурунда алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Майрамдык салтанатты шаардагы бала бакчалардын тарбиялануучулары жана мектеп окуучулары мугалимдерге арналган концерттик программа менен ачышты. Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин мугалимдердин турак жай маселесин чечүү үчүн шаарда ипотекалык үйлөр салына тургандыгын баса белгилеп, мугалимдерге ай сайын коммуналдык төлөмдөр үчүн шаар казынасынан акча төлөнүп келатканын, анын суммасын жогорулатуу аракеттери болуп жатканын, кесиптик майрам учурунда ар бир мугалимге 2 миң сомдон берилерин, жаңы мектептер курулуп, жакшы шарттарды түзүү үчүн аракеттер болуп жатканын айтты. Эскерте кетсек, учурда шаардагы 21 мектепте 2 миңге жакын мугалим 22 миңден ашуун окуучуга билим-тарбия берүүнү улантууда. Ошондой эле шаардагы үч миңге жакын окуучулар ар кандай ийримдерге катышышат.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити