Бишкекке чын эле ишмер, чарбачыл жетекчи келгенби же шайлоо алдында шаардыктарга иштеп аткан түр көрсөтүп, ишенимине кирели дешкенби, айтор быйыл Кытай өкмөтү берген 50 млн. доллар грантты кошкондо жалпы узундугу 95 километр жолдор толугу менен жасалып, айрым көчөлөрүбүз жаркырап эле калууда. Мындан тышкары транспорт тыгынын азайтуу жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында борбордогу бир нече жер астындагы өтмөктөр оңолууда. Алардын алгачкысы катары Чүй-Манас проспектилериндеги өтмөк сентябрга карата толук бүткөрүлүп, мэриянын маңдайында жайгашкан бул жай мэр Албек Ибраимовдун катышуусунда ачылган болчу. Бирок өткөн жумада жааган алгачкы жамгырда эле өтмөктүн түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш тарабынын кире беришиндеги бурчтарынан суу өтүп, жерге тамчылап жатты. Шаардыктар байкай коюп, фотосу менен видеосун кошо интернетке жүктөгөндө айласы кеткен Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы бул маселе боюнча иш алып барып жатканын билдирди. Көрсө, тендерден уткан кайсы бир курулуш компаниясы адаттагыдай эле сапатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн экен. Жалпысынан бул өтмөктү курууга шаар бюджетинен 500 миң доллар сарпталган. Кайран гана акча жана ага кеткен эмгек менен материалдар. Эми калган өтмөктөр сапаттуу жасалса экен.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити