Өткөн жылдан бери кошуна бул өлкө менен мамилебиз жакшыра баштагандан тартып чек ара маселеси чечилип, өтмөктөр ачылып, карапайым элдин турмушу бир топ эле жанданып, соода-сатыгыбыз кызып калды. Ал тургай маданий алакалар да жанданууда. Буга чейин, Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү октябрда өтөөрү кабарланып, бирок күнү аныктала элек болчу. Бул тууралуу жакында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди. Ал эми Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулунун билдирүүсүнө ылайык, коңшу өлкөдөн 70тен ашык делегат 5-6-октябрда Бишкек шаарында болот. Алар маданият күндөрүнүн алкагында атайын жолугушууларды өткөрүшүп, маданий жыйындарга катышышат. Ошондой эле өзбек кинолору кыргызстандыктарга тартууланат. Канатбек уулунун кошумчалаганына караганда, Бишкек шаарынан кийин 7-8-октябрь күндөрү коноктор Ош шаарында болуп, маданият күндөрүн өткөрүшөт. Бул иш чарада эки өлкөнүн маданият жана искусство ишмерлеринин жолугушуулары, концерт, "Ойкиз эртаги" аттуу көркөм тасманын премьерасы ж.б. кызыктуу фотокөргөзмөлөр болот. Буга чейин маалымдалганына карагандай, 2018-жылы Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити