Буга чейин болуп көрбөгөн окуялар орун алууда. Ырасында коомчулук саясый жактан сабаты жоюлуп, кыйла көзү ачылганынын дагы бир фактысы айгинеленди.

 

Борбор калаанын окуу жайларында окуган 100дөй студент “Биз коркпойбуз” деп аталган флеш-мобго катышты. Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чаранын максаты – окуу жайлардын ректораттары менен мугалимдеринин студенттерди бийликтин талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканына каршылык билдирүү. Эсиӊиздерде болсо буга чейин социалдык тармактарда окуу жайлардын жетекчиликтери, мугалимдери студенттерди №2 форма менен алдын ала добуш берүүгө жана бийликтин талапкерин шайлоого мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар, аудио жана видеотасмалар пайда болгон.

 

Президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү, саясий партиялардын жаш канаттарынын мүчөлөрү катышкан бул иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер Жогорку Кеңештин төрагасына, парламенттеги фракция башчыларына, башкы прокурорго, билим берүү жана илим министрине кайрылуу жолдошуп, окуу жайлардын жетекчилери жаштардын жарандык укугун бузуп, Социал-демократтар партиясынын талапкерине добуш берүүгө мажбурлап жатканын билдиришти. Кайрылуу ээлери “окуу жайдагы жетекчилик, мугалимдер паспортубузду алып, №2 форма боюнча кошумча добуш берүүгө мажбурлап, жогорку окуу жайлардын жетекчилиги административдик басым кылып жатышат” деп белгилешти.

 

Алар башкы прокурордон өздөрүнүн укугун коргоп берүүнү, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынан бул маселеге көңүл буруп, студенттердин конституциялык укугу бузулуп жатканы тууралуу парламент сессиясында маселе көтөрүлүүсүн талап кылышты.

 

Флеш-мобдун башында ооздорун бекитип турган жаштар аягында байлоолорун чечип ыргытып, “Биз коркпойбуз!” деп кыйкырышты.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити