2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. 

 

Быйыл июлда “LiglassTradingCZ, SRO” Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерди утуп алган. Шартка ылайык Орусия тарапка төлөнө турган 37 млн. долларды  чехиялык компания төлөп бермек эле. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты: “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан. Айрым кыргызстандык саясатчылар жана коомдук активисттер да чехиялык компаниясынын каражаты жок экенин айтып, кооптонуусун билдиришкен.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо 25-августта парламентте сүйлөп жатып “эгерде чехиялык компания менен келишим ишке ашпай калса, Кыргызстан зыян тартпайт, бирок андан чыгат”- деп айткан.

 

Кечээ, Чехиялык “LiglassTradingCZ, SRO” компаниясы Кыргызстанга убада кылган 37 млн. доллар акчаны тиешелүү мөөнөттө төгө турганын так айта албады. Аталган компаниянын ээси Михаэл Смелик Бишкекте маалымат жыйын куруп, анда  аларга карата каралоо жүргөнүн, ошол себептен акча боюнча маселе жаралып жатканын айтып, “Мындай маалыматтардан улам Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Алар тобокелдикке барбай турган болушту. Европадагы Unicredit банкындагы 40тай эсебибиз текшерилип, эч кандай операция кыла албай жатабыз”,- деп алакан жайды.

 

Эми бул маселе жаатында эмне кеп болуп, бийликтегилер эл алдына кантип актанышаар экен? Мезгил баарына дары, мезгил баарына тараза эмеспи. Эл ичинде айтылып жаткан айрым кептер минтип чындыкка айлана баштаганы эмнеден кабар берет?

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити