Премьер-министр Сапар Исаков мурда-кийин болбогон көрүнүштү өзүнөн баштоону туура тааптыр. Ал элди аралап, базарларды кыдырып, элге жакын өкмөт башчысы болуп көрүнүүгө аракет кыла баштады.

 

Сапар Исаков 16-сентябрда, ишемби күнү Чүй облусуна болгон жумуш сапарында Токмок шаарынын борбордук базарында болду.

 

Өкмөт башчы борбордук базарындагы соодагерлер, шаар тургундары менен да баарлашты. Жергиликтүү калк инфраструктуралык жана социалдык маселелерди көтөрүшүп, суроолоруна жеринде жооп ала алышты жана Токмок шаарынын мэрине козголгон маселелелер боюнча тактап, чечүүнү тапшырды.