Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгон жети өзбек жаранынын сөөгү Хорезм облусуна жеткирилгенин билдирди. Учурда сөөктөрдү аныктоо иштери жүрүүдө.
"Суунун калыбы" фильми "Мыкты тасма" багытында "Оскар" сыйлыгын алды. Анын тарткан Гильермо Дель Торо "Мыкты режиссер" деп табылды.
Бишкекте Жогорку Сот имаратынын алдында сот системасын тазалоо талабы менен 50-70 кишинин катышуусунда митинг өттү.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 360,2 миң адам, бала бакыралуу аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн саны 275,9 миң адам.
Бишкек, “Саясат. kg”. Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмүнөн билдиришти.
Бишкек, “Саясат. kg”. Баткенге сапар алган учак авариялык акыбалга туш келгендиктен кайра Бишкекке конууга аргасыз болгон.
К. Райымкул: Президент болгондон кийин өз алдынча чечкиндүү болуп иштеш керек.
Жалал-Абад шаарынын босогосундагы “Курманбек-кылымдар мурасы” триумфалдык аркасы кайрадан жаңыртылат. Арканын курулушун жүзөгө ишке ашыруу максатында облустук фонддон 24 миллион сом суралды.
Э. Момунов: Эгер ал чын болсо, С.Жээнбеков миңдеген шайлоочуларынын үмүтүнө суу сепкендей эле болууда.
Узаган аптада Жалал-Абад облусунда мамлекеттик органдардын 20 кызматкери жол тартибин бузгандыгы ашкереленди.
М. Мискенбаев: Сооронбай Шарипович Алмазбек Шаршеновичтин жолун улайт. Туура эмес маалыматтар ортодогу ар кандай бузукулардын интригасы.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө бак-дарактардын ролу өзгөчө. Азыркы кезде бак-дарактардын мааниси өтө актуалдуу маселе болуп турат.
Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнүнөн мурда токтотулду.
Өзбекстанда 19 жылдан бери түрмөдө отурган журналист Юсуф Рузимуродов Чирчик шаарындагы абактан бошотулду. Бул тууралуу өзбек укук коргоочусу Исмаил Адилов 2-мартта билдирди.
Казакстандын Атырау облусунун Карабатан кыштагындагы жатаканада чыккан өрттөн жаракат алган дагы бир адам каза болду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакында Сенат мамлекеттик аткаминерлердин үйлөнүү тойлорго баруусуна тыюу салган токтом чыгара турганын билдирди.
Мамлекет башчы жарандардын ишенимин кайтаруу үчүн өкмөттүн кандай чараларды көрүп, кандай саясий чечимдерди кабыл ала тургандыгын күтүп, атайын бир жума бою унчукпаганын белгиледи.