Фарид Ниязовдун президенттик аппарат жетекчилигинен кетүү жаатында арыз жазып, аны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл албай койгону коомчулукту экиге бөлдү эле. Айрым басылмалар жада калса Фарид Кыргызстандагы алмашкыс, бирден-бир тажрыйбалуу кадр экендигин бир айтып эки койбой, көкөлөтүп жиберишкен. Бирок, алар убакыттан эрте эле тебетейин көккө ыргытып сүйүнгөн тура. Себеби, кечээ Фарид Ниязов баары бир кызматын таштап кете тургандыгы белгилүү болду.

 

Саясат таануучу Марс Сариев: “Кыргызстанда мындай тажрыйбалуу профессионал адис жок. Президенттин аппарат жетекчиси өзүнүн алмаштырылгыс экенин көрсөтүп алды, эми анын таасири күчөп, позициясы бекемделди. Фарид Ниязов азырынча өзүн акылдуу жана алмашкыс кеңешчи катары эсептейт. Аны кетиришпейт”, ал эми профессор Алмазбек Акматалиев: “Фарид президент менен мышык-чычкан ойнобош керек. Өзү арыз жазып, кетем деген жетекчи баары бир кетиши керек, күйөөсүн коркуткандай болбой. Анткени, мурункудай ишеничке ээ болбой калат”,- деп өз ойлорун ортого салган болчу. Жыйынтыгында, А.Акматалиевдин айтканы туура чыгып, далай интриганын башында турган Фаридден президенттик аппарата тазаланганы калды. Аны Фарид мырза өзү да тастыктап, эмгек өргүүсүнөн кийин жумушуна чыкпастыгын АКИпресске айтып берди. Ф.Ниязовдун мындай чечимин президент Сооронбай Жээнбеков дагы билет экен. “Алмазбек Атамбаев бизге дайым чындыкка гана таянуу милдетин коет. Демек КСДПнын жумушу дагы Кыргызстандын кызыкчылыгын алкагында гана жүрөт”,- деген Ф.Ниязов партияны бекемдөө менен алектене турганын жашырбады. Бирок, айрым сөздөргө таянсак, “партбосс” АШАга Ф.Ниязовдун бул оюну деги эле жакпаптыр, “сага ишенсем, сен тез эле качып чыктың”- деп үстөл муштаганы чындыкпы? Андай болсо Ф.Ниязов КСДПдан да куулуп, көчөдө калып кетпейби, ия?

 


Арстанбек Сагынбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити