Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

 

- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

 

Картинки по запросу эркингуль иманкожоева

 

- Кечээ элдердин сот системасына, алардын уятсыз чечимдерине каршы экенин билдирип нааразычылык митингине чыгышканы туура эле болду. Анткени, ал жерде саясатчыларды соттогон судьялар эле эмес, жөнөкөй элди сыздаткан акыйкатсыз соттор жөнүндө да кеп болду. Карыган апалар көзүнө жаш алып сүйлөп жатышты. Бул деген мамлекетте сот системасы өлүп баратканын, соттор өз билгенин жасаганын, акча үчүн намыс, адилеттүүлүк, мыйзам дегенди уруп ойнобой бир адамдын буюртмасы менен адамдын тагдырына балта чаап, кыргыз сот системасын тургус кылып тебелеп жатышканына эл күбө болду! Бүгүн эл эскертти, эртеңки күнү чыдамы түгөнүшү мүмкүн! Ошондуктан ЖК депутаттары жана президент коррупцияга баткан жана акыйкатсыз сотторду жогорку соттун судьясына бекитпеши керек! Сооронбай  Шариповичти эл колдоп, үмүт артып жатканда эл үмүтүн актап, элдик президент болушу зарыл. Тарыхта кыргыз мамлекетинде сөз менен эмес, иш менен көрсөтө турган президент болуп калышын каалар элем.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити