- Асия эже, сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча өткөн тынч митингде көтөрүлгөн маселелерди жогору жактагылар эске алат деп ишеним артсак  болобу?

 

- Албетте, илгери үмүт, аз болсо да ишеним болгон үчүн эл кечээги тынч митингге чыкты. Анткени, Сооронбай Шарипович Коопсуздук Кеңешинин жыйынында “коррупция менен күрөшөм” жана “сотторду тазалайм” деген дымактуу сөздөрдү айтты. Ал сөздөрдү уккандан кийин президентке аз болсо да үмүт, ишеним пайда болду. Анан  коррупция менен күрөшсө колдойлу деген ойго келдик. Бирок, коррупцияны оозудуктап, кызматын кыянаттык менен пайдаланган соттордон арылганга президенттин саясий эрки жетеби, жетпейби (?) деген да маселе  бар. Ошон үчүн президент журналисттер менен жолуккан конференциясынан  кийин жарандык коом дагы митинг өткөрүп, президенттин сөздөн ишке өтүшүн талап кылаарын айтып тарашты.

 

- Эмне үчүн көпчүлүктүн кыжырын кайнаткан, бийликтин буйрутмасын гана аткарган соттор Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлүп жатат?

 

- Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга 46 киши арыз бергенин, алардын ичинде Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева,  Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкулов деген жогору жактын айтканын эки дебей аткарган, саясый чечимдерди чыгарган соттордун тизмеси жүрөт. Ал тургай саясый заказды аткарган соттор башка талапкерлерден жогору балл алып,  алардын тизмеси  президенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн да уктук. Эгер Сооронбай Жээнбеков элди иренжиткен соттордон арылып, андай сотторду сот тутумун тазалабаса баягы эле жагдай жаралат. Айткан сөзүнүн баары куру убада болуп, сөзү ишке ашпай эле сөз бойдон калат. Ошон үчүн президент туура чечим кабыл алып, жарандык коомдун көтөргөн маселесин көңүл борборуна алышы керек. Президент саясый заказдарды аткарган сотторго ишеним артабы же андай соттордон арылабы, бул жакынкы эле мезгилде анык болот.

 

- Мандатын алуу эстафетасы Саляновадан кийин Алмамбет Шыкмаматовго келгендей болуп калды. Жогору жактагылар эми Шыкмаматовду мандатынан ажыратуу  аракетин көрө баштадыбы?

 

- Ошондой десек да болот го. Менин баамымда мандатынан ажыраган жана ажыратуу аракетине кабылган  “Ата Мекендин” депутаттарын саясаттан четтетип, Жогорку Кеңештен кетирүү аракети ишке ашып жатат. Ошон үчүн Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Дүйшөн Чотонов, Райхан Төлөгөнов, Текебаевдерге доомат коюлуп, аларды ченебей каралашып, болушунча элге жек көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бирок,  сот процесстеринде алардын күнөөсү жок экени ачык эле байкалып, алар саясаттын курмандыктары болуп жатканы сокур кишиге да көрүнүп калды. Эгер алардын кылдай күнөөсү болгондо азырга чейин күтпөй эле ошол замат эле камашмак. Бирок, жогору жактагылар бирөөгө кыянаттык кыларда бир нерсени эске алышы керек. Аларды камап, сындырып, саясаттан кетиребиз дешкени менен кези келгенде бул иштердин баарына баа берилип, эртеби-кечпи ыплас саясат менен алек болгондор жасаган иштеринин “акыбетин” көрүшөт.

 

- Экс-президент Роза Отунбаева агынан жарылып, КСДПга тете күч түзүп, аларга каршы күрөшүү зарылдыгын айтты. Колдой турган идеябы?

 

- Колдош керек. Айтайын дегеним, жогору жактагылар  чиновниктерди бириктирип бир партияга кызмат кылдырып койду. Эгер ошол чиновниктер жакшы иштеп, ишинен жарытылуу жыйынтык чыгарып, мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасашса, КСДП тууралуу эч ким каршы сүйлөбөйт эле. Мамлекетибиздеги мышык ыйлаарлык абалды көрүп, бардык тармакта жылыш алдыга эмес, артка болуп  жатканына кейигендер  экс-президенттин айтканын колдойт десем болот. Менимче, экс-президенттин көтөргөн маселеси эң туура. Күчтүү оппозиция болмоюн, өнүгүү күмөн. Ошон үчүн ушундай кайрылуу жасады.

 

- Эмнегедир энергетикадагы чиеленишкен маселелерди чечүү үчүн тарифтерди кымбаттатуу зарылдыгы айтыла баштады. Буга чейин деле тарифтер көтөрүлүп келген. Бирок, жарытылуу деле маселе чечилген жок эле го?

 

- Туура айтасыз. Электр энергиясына болгон тарифти жогорулаткан менен эч кандай маселе чечилбейт. Анткени, уурдап көнүп калгандар дагы деле уурдай беришет. Ал тармактагы маселени чечиш үчүн эң биринчи энергетика тармагына залакасын тийгизип, элдин ырыскысын оңду-солду пайдаланып жаткан  ууруларды кармап, ал тармакка көз карандысыз иликтөө жүргүзүш керек. Болбосо, тариф жогорулап, эл ыйлай-сыктай төлөй беришкени менен энергобарондор  баштагыдай эле уурдай беришет.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити