1-мартта Бишкектен Баткенге учкан “Тез жет” авикомпаниясы тез жетпей эле бир мотору күйүп кетип, жүзгө жакын адам кайра тирилгендей эле болушту. Бактыга жараша  борттогу жүргүнчүлөрдүн Кудайга жалынып-жалбарганы менен келмеси сактадыбы же учкучтардын чеберчилиги болдубу, айтор 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийикте бараткан учак бир капталы түтөп күйгөн боюнча “Манас” аэропортуна эсен-аман конду. Баарынан да көзүнө өмүрдөн өлүм көбүрөөк көрүнүп турган жүргүнчүлөрдүн айрымдары бул кыямат кайымга тете көз ирмемдерди тасмага тартып калгандыгы да таң каларлык. Деги кыргыздар кыйын эле элбиз да, ажал арбап турса да жашоодон үмүт үзбөгөн. Бирок андагы жаш балдар менен кары-картаңдардын эч кимиси жабыркабаган менен өтө каттуу коркуп, ары барып, бери келишти. Башкасын кой, өздөрү учак чыгарган Россияда, андан кийин кымбат баалуу самолетту сатып алган Иранда эки самолет кырсыкка учурап, жүздөгөн адамдардын баардыгы набыт болушпады беле. Көрсө, кыймылдаткычы күйгөн "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан экен. Демек, машина деле эбак жешилип, металлоломго ыргытыла турган чейрек кылымга жакын мезгил бул самолетту учуруп жүргөн биздикилерге эмне дээриңди да билбей калат экенсиң.  Андыктан кыргыз учкучтарынын эрдиги үчүн баатырдык наам берсе да аздык кылар.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити