- Качкынбек мырза, кечээ жакында Сооронбай Жээнбеков президент болуп иштегенине 100 күн толду. Ал 100 күндүн ичинде кандай иштерди жасай алды?

 

- Туура айтасыз. Сооронбай Шариповичтин президенттик кызматка отурганына 100 күн болду. Бирок, ишинен анчалык деле жыйынтык чыгарбаганы менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында жакшы демилге көтөрдү. Ошон үчүн убактылуу болсо да ишеним артып, айткан сөзүн ишке ашырат деген максатта  колдоп, анча сындабай жатабыз. Бирок, “коррупция менен күрөшөм” деп айтканы менен азырынча аны менен күрөшүү  аракетин байкай элекпиз. Эгер президент күрөштү чындап баштаса, кош колдоп колдойбуз.

 

- Ал 100 күндүн ичинде андан башка мактоого арзый турган пайдалуу иш жасай алдыбы?

 

- Мурунку президенттин тушунда бузулган  кыргыз-казак мамилесин жолго салганын мактасак болот. Бирок, чет мамлекеттерге барганы менен ишинен анчалык деле майнап чыгара элек. Сооронбай Жээнбеков эгер элдик президент болом десе, алыс барбай эле Мирзиёевден үлгү алып, аны айткан сөздөрүн ооз учунан  эле айтып, жасаган ишин кайталаса элдин ишенимине тез эле ээ болот.  Мирзиёев коррупция менен аёсуз күрөшүп,  прокурор, генерал, деги койчу коррупцияга аралашкан күч структурасындагылардын баарын чинине, ээлеген кызматына карабай  жазалап жатат. Биз президенттин “коррупция менен күрөшөм” деген сөзүнө үмүт артып, күрөшүн чыдамсыздык менен күтүп жатканыбызга карабай азырынча Мирзиёев жасаган кадамдын бирин да жасай элек. Президент элдин колдоосуна ээ болом десе,  элди иренжиткен кадрлардан арылып, чыныгы иш билги, өз тармагын семичкедей чаккан таза жаш кадрларды ишке тартып, эски, коррупцияга баткан кадрлардан арылышы керек. Антпесе, жыйынтык чыкпайт. 

 

Ошон үчүн “досум, досум” дей бербей Атамбаевге  ачык айтып, “Манас” орденин бердим. Ушуну менен ыраазы бол. Эми мен өз максатымды ишке ашырып, элге берген убадамдын өтөөсүнө чыгайын”- деши керек. Анткени, мамлекеттик иште, элдин тагдыры турган жерде “досум” деп кетенчиктеген болбойт. Жээнбеков мына ушуну түшүнүшү керек.

 

- Саясый буйруктарды аткарган судьялар Жогорку соттун судьялыгына талапкер болуп жатканы боюнча кечээ жарандык коом коңгуроо какты. Эми президент митингде аты аталган сотторду эске алып. алардын Жогорку Сотко барышына каршы пикирин айта алабы?

 

- Саясый чечим чыгарган судьялардын тагдыры эбак эле чечилген. Сотторду тандоо кеңеши эбак эле алчусун алып коюшкан. Анткени, Сотторду тандоо кеңеши тизмени эмес, соттордун чөнтөгүн карайт. Ошон үчүн соттор мыйзам менен иштебей, Ак үйдүн талабын гана аткарып калышты. Сот системасында тез арада реформа жасап, Сотторду тандоо кеңешин орду түбү менен жоготуш керек. Анткени, алар  коррупцияга малынып калышты. Алар өздөрүнө тагылган милдетти так аткарган  жок.

 

- Жарандык коомдун митингинен майнап чыгабы? Жогору жактагылар алардын талабын аз болсо да эске алабы?

 

- Көчөгө чыгып, бийликтегилердин көңүл бурушун талап кылып, маселени туура көтөрүштү. Алардын  талабын президент баш болуп, эске алып, үнүн угуш керек. Анткени, тынч митингге мамлекеттин тагдырына кайдыгер эместер чыкты. Ошондуктан, булардын үнүн угуп, талаптарына кайдыгер карабай туура чечим чыгарыш керек.

 

- Ошол эле маалда КСДПнын айрым депутаттары алардын талабына каршы чыгып, “митинг кызматтан алуунун жолу эмес” деген ойлорун айтышты го?

 

- Митингге чыккандар туура эле маселе көтөрүштү. Чынын айтыш керек, тармакты түшүнбөгөн, тажырыйбасы жок адамдар күч органдарын жетектеп жатышкан үчүн элде  нааразычылык күч болуп жатат. Башка мамлекеттерде митингде аты аталган министрлер отставкага кетет. Бизде да ушундай нерселер болуш керек. Ошондой эле мамлекеттик кызматын так аткаралбаса, ага кылмыш иши козголсо, “биздин бала, коргоп, колдошубуз керек”- деп митингге чыгып, жол тоспошубуз керек. Болбогон фактыларды келтиргенди токтотуш керек. Жүйөлүү болуп, фактынын негизинде камакка алынса, андай инсандарды колдоп, араачы түшпөшүбүз  керек.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити