Ош облусундагы Кыргыз-Өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде жөө адамдардын тыгыны дагыле жоюлган жок. Ушул тапта Кыргыз тарапта  500 чакты адам Өзбекстанга эч өтө албай турушат.


24-февралда Кыргызстандын Чек ара кызматы “Эки өлкө жарандарынын соода жүргүзүүсү соңку тапта абдан көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада жөө адамдардын тыгыны пайда болду” деген маалыматты жайылткан. Анда тыгын эки тараптан тең катталып, аны жоюу үчүн Кыргыз тарап чек ара көзөмөл бекетерин көбөйтүп жаткандыгы айтылган. Баса,чек арадан күнүнө жети миңден ашуун адам өтүп жатат.

 

2017-жылдын сентябрь айында Кыргыз-Өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу кыйла эле жеңилдетилген. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү чындап кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер дагы талап кылына баштаган.

 

Алишер Токсонбаев
Булак: “Майдан.kg” гезити