Кыштын кычыраган чилдесинде Бишкек ЖЭБи авария болуп, бүтүндөй шаардыктар бир жума үшүп-шишибедик беле. Бирок бул демейдеги эле техникалык мүчүлүштүк жалпы элдик талкууга айланып, парламентке чейин жеткендигинин жана бир күн кечке талкуулангандыгынын себеби суукта деле эмес болчу. Кытай өкмөтү берген 386 млн. доллардын дайыны табылбай калгандыгына кыжырыбыз келген. Бирок премьер-министр С.Исаков баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тиешелүү чиновниктер депутаттардын алдында адаттагыдай эле сабакка даярданбай келген окуучудай жер карап отуруп беришкен. Жыйынтыгында насос күнөөлүү болуп, ЖЭБде 40 жыл иштеген аял сөгүш алып гана жапты жапты болуп тынчыган. Көрсө, жылуулук борбору модернизацияны мындай кой, жарым-жартылай да оңдолбоптур. Ким билет, бул жагдай да жабылып кала берет беле, президенттин каттуу талабынан кийин УКМК тарабынан ири суммадагы акча “оңдоо иштерине” деп бөлүнүп, уурдалып кеткендиги белгилүү болду. Ал боюнча “Электр станциялар” ААК башкы директорунун мурунку биринчи орун басары Б.Боркоев кармалды. ЖЭБге жетекчилик кылган бир нече жеп-ичерлер ири суммадагы акча каражаттарын уурдап жана мыйзамсыз алып чыгарып кетишкен экен. Бул кылмыш схемасына жасалма иш алып барган келишимдерин түзүү үчүн жалган фирмалар тартылгандыгы да белгилүү болду. Эми ал орун басар өзү эле ушунча акчаны жеди бекен же...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити