Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

 

- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

 

Картинки по запросу ырысбек омурзаков 

 

- 5-март күнү жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышты. “Митинг өз максатына жеттиби?”- деген суроо пайда болууда. Ооба, митинг максатына кандайдыр бир деңгээлде жетти десек болот. Бирок, жалпысынан ал митингдин максаты эмне эле? Мага “Текебаев менен Салянова соттолуп жатат, сакташ керек”- деген эле маселе “кабыргасынан” коюлгандай таасир калды. Деги эле, биз кызык элбиз: “Бул чоң чиновник иштен кетсин, соттолсун, камалсын”,- деп митингдерге чыгабыз. Укук коргоо органдары иш козгоп, кээ бирөөлөрүн камайт. Камалып же үстүнөн кылмыш иш козголгон чиновник менен депутат, дароо кугунтукталып, заматта  патриот болуп, оппозициянын лидерлери болуп чыга калат. Деги, бизге эмне керек – тазалануубу же “пулуң болсо кулуңмун”, деген макалды кайра-кайра тастыктообу? Элдин позициясы: “оппозиция бийлик өкүлдөрүнүн “свалкасы” болуп турган кезде, эл үчүн иштей турган укук коргоо жана сот органдары болот” деген ой, оозубуздан айлансын. Ал эми, митингден кийин Жогорку сотко саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биринчиден, район-шаардык жана облустук соттордун иштерин нукка салыш керек. Жогорку соттор “ылдыйкы соттордон” келген документтер менен иштеп, алардын негизинде ишти же артка кайтарат, же өкүм чыгарат. Сот ичиндеги тергөө деген нерсени Текебаев баш болгон акылман-депутаттар алып ташташкан. Орусчасы “состязательность в суде” жана “судебное расследование” деген нерселер жок. Болсо да формалдуу түрдө. Мыйзамдын көбүн текеберчилик менен, бир эки адамдын кызыкчылыгына гана имерип коюшкан. “Бизди эч ким камай албайт”,- дегенсип... Ошондуктан. элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланат деп ишенсек болот, бирок, аны президент Жээнбеков өз колуна алып, райондук соттордон тазаланууну баштаса,  тоюнуп калган сотторду жана Сотторду тандоо кенешинин мүчөлөрүнүн көбүн айдаса, иши илгерилейт. Аз болсо да элдин нааразычылыгы жоголот.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити