Кыргызстанда сот адилеттүүлүгүн орнотууга Сооронбай Жээнбековдун күчү жетеби?

 

- Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

 

Картинки по запросу жолдошбек токоев 

 

- Жарандык активистердин "Жогорку Сотту тазалап, коррупцияны ооздукташ керек" деп митингге чыкканы туура эле болду. Алар  турмуштук зарылдыктан жана президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүнө карата орундуу маселе көтөрүштү. Экс-президент Алмазбек Шаршенович “2010 -жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртпөсөк соттук реформа жасай албайт экенбиз!”- деп 2016-жылдын 16-декабрында референдум өткөрүп, баш мыйзамдын бир канча бернелерине толуктоо, өзгөртүү киргиздирген. Бирок, андан бери 1 жыл 2 ай өттү, сот бийлигинде эч кандай реформа болгон жок. Анда эмнеге Башмыйзамды өзгөртүк эле (?) деген суроо жаралат.

 

Сот бийлигинде реформаны былтыр 2017-жылы жүргүзүш керек эле, тилеке каршы андай болбоду. Эми коррупция боюнча деле жылыш болгон жок. Болгону Бишкек жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) авария боюнча бул тариакта иштеген бирөөнү 2 айга абакка камады. Жылына казынадан 20 миллиард сом уурдалат. Бул деген бир күндө казынадан 4-5 миллион сом уурдалды  -деген кеп. Демек, бир айда орто эсепте 140 млн сом уурдалууда. Эгер чынында коррупция менен күрөшсө экономика бир топ алдыга жылмак. Мениче президент бул багытта бир күндү да текке кетирбеш керек.

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити