“Театр кийим илгичтен башталат” демекчи, ар бир мамлекеттин жүзү, айрыкча туристтик деңгээли айланып келип дааратканадан башталары белгилүү. Бул жагдайга өзүбүз анча маани бербесек да, чет элдиктер көп көңүл бурушат. Ошондуктан “уят” болсо да чоң шаарлар менен Ысык-Көлгө бараткан жолдордогу коомдук ажатканалардын ашмалтай абалы айтыла, жазыла берип, Ө.Бабанов өкмөт башчы болуп турганда Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жолго заманбап үлгүдөгү дааратканаларды куруу тапшырмасын берген эле. Бирок адаттагыдай эле андан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ал эми жакында оштук журналист Ы.Исаков түштүк борбордун санэпидемстанциясынын имаратындагы даараткананын сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап жиберип, балээге калган. Анткени мэр А.Кадырбаев баш болгон чиновниктер кашкайган чындыкты моюнга алып, кемчиликти оңдоонун ордуна журналистти төө бастыга алып, коркутуп-үркүтүүгө чейин барышууда. Канткен менен маселе саламаттыкты сактоо министрлигине чейин жетип, Кыргызстандагы коомдук даратканалардын баарын текшерип чыгууну санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматкерлерине тапшырылды. Мекеменин буйругунда коомдук даратканалардын сүрөттөрү интернетке улам тарап жаткандыктан мындай чечим кабыл алынганы жазылган. Ал эми Ош облустук санэпидстанциясынын жетекчиси С.Шерматова өзүнө караштуу даратканалардын абалын бир жыл ичинде тазалоого убада берди.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити