Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны кезектеги жолу кыскартылат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өлкөнүн бир канча аймагындагы булактарына таянып кабарлады.

 

Өлкөнүн билим берүү жана маданият кызматкерлеринин басылмага жазган катында Ашхабаддын музей, маданият борборлору жана китепканаларындагы кызматкерлердин саны кыскартыла тургандыгы жазылган. Азырынча бул маалымат расмий булактар тарабынан ырастала элек. Бирок жумуштан кетириле турган кызматкерлердин саны миңден ашык экени, арасында орто мектептердин жүздөгөн мугалими бар экени айтылууда.

 

Басылманын Лебап облусундагы булагы кабарлагандай, аймактагы медицина мекемелери жумушчулардын санын азайтуу боюнча жогору жактан билдирүү алышкан.

 

Былтыр күзүндө өлкөнүн билим берүү, медицина жана маданият мекемелери борбордук бийликтен пенсия курагындагы кызматкерлерди жумуштан кетирүү буйругун алгандыгы кабарланган.

 

Ноябрда өлкөнүн суу чарба жана мунайгаз тармагындагы кызматкерлердин саны кыйла кыскартылган. Жергиликтүү серепчилердин пикиринде, бюджетте иштеген жумушчулардын санын азайтуу өлкөдөгү каатчылыкка байланыштуу.