Кылба дегенди кылып, алба дегенди алып, барба деген жакка басып кеткенде - “Жоругун жолдо калгыр” деп айтчу эле аталар.

Пекиндин рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы жаңы илдеттин тараган мезгилинде беткаптарды кымбат баада саткан дарыканага 432 миң доллар өлчөмүндө айып пул салууну көздөөдө.

Кайгуул кызматынын кызматкерлери адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты.

Гонконгдо окумуштуулар коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазат.

«Кетсин» деген ураан менен чек ара маселесин чечүүгө болбойт. Бизге тынчтык, ынтымак керек.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы 28-январда коронавирусту 5 974 адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди.

29-январда Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча ишти кароону улантат. Анда Матраимовдордун «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартуу жөнүндө арызы каралат.

Кытайдан оролуп, таңгакталып жөнөтүлгөн (посылка) буюмдар Кыргызстанда кадимки режимде кабыл алынып жатат.

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды.

Кечээ, 28-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

“Ата-Журт” партиясынын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев кайсы убакта кайсы маселеде болбосун өз позициясын, пикирин билдирүүдө мекенчилдигинен жазбай келет.

Кытайга караштуу Ухань шаарында пайда болгон “коронавирустун” тегерегинде дүйнөнүн бардык бурчунда тынчсыздануулар жаралууда. Биздин өлкө да андан калган жок, кантсе да коңшулаш өлкө эмеспизби.

Орусияда Конституцияны өзгөртүүгө даярдык көрүү боюнча жумушчу топ Баш мыйзамга жүздөн ашык жаңы пункт киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити жазды.

Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелип ооруканага жаткырылды.

Ишти Ош шаардык соту карайт. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, келинге Кылмыш кодексинин 134; 3.1 (адамдын саламаттыгына өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган:

Кечээ, 28-январь күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Берлинде өткөн "Жашыл Борбор Азия" конференциясына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарында билим алып алып жаткан 14 студентти алып келүүнү сунуштады.

28-январда КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди.