Маалыматка ылайык, “Чалдовар”, “Акжол” санитардык-карантиндик пункттардын жана “Кайыңды” темир жол санитардык-карантиндик пункттардын адистери тепловизордун жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, алардын ден-соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө.

Ошондой эле министр Москва жана Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү боксташтырылган (обочолонуп бөлүнгөн) палаталардын даярдыгы жана керектүү болгон жабдыктар менен камсыздалышын текшерип чыкты.

Мындан тышкары, Космосбек Чолпонбаев бүгүн таң эрте Казакстан аркылуу автотранспорт менен келип, Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылган Кытайдын Үрүмчү шаарында билим алган студенттерден кабар алып келди. Бардык студенттерге үзгүлтүксүз медициналык кароо жүргүзүлүп жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык жана коронавирустун эч бир клиникалык белгилери аныкталган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги 27-январга карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;
Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Булак: Маралфм