Бул маалыматты АКИpress агенттигине бүгүн, 29-январда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жугуштуу коронавирус дартына байланыштуу социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кытайлык AliExpress онлайн-сервис аркылуу буйрутма кылынган товарлар тууралуу сурап башташкан. Алар Кытайдан алынып келген буюмдарды алуу коркунучтуу эмеспи деп тынчсызданышкан.

Кытайдан буюм алып келүүгө орточо 2 жумадан тарта бир айга чейинки убакыт коройт. Ал эми «Кыргыз почтасынын» өкүлдөрү вирустун бул түрү буюмдар аркылуу жукпай турганына ишендиришти.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда вирустан каза болгондордун саны 106 адамга, жуктургандардын саны 4515 адамга жетти.

Булак: Баракелде