Ухань шаарында биздин 14 студентибиз билим алып жатат. Алардын ичинен Азиза жана Бексултан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын айтымында, студенттердин ден-соолугу жана абалы жакшы. Бирок алар белгилүү бир убакыттан кийин тамак-ашка жана маскага акчалары түгөнүп калуу коркунучу болорун айтышты. Биздин коңшу мамлекеттер кооптуу аймактан жарандарын алып чыгууга аракет кылып жатышат. Эгерде Кытай тарап уруксат берсе, коңшу мамлекеттер менен чогуу биз да студенттерди алып чыгып кетишибиз керек , — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал Орусия жана Казакстан аркылуу келип жаткан адамдарды өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

Булак: Маралфм