Бул тууралуу Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз билдирди.

27-январда аталган агенттик сайтына «Бизде Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси тууралуу далилдер жок» деген кабар чыгарган.

20-январдагы соттук отурумда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен анын аялы Минавар Жумаеванын, «Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун» жактоочусу Лейла Байдаева жоопкер тарап Матраимовдор тууралуу маалыматтарды төгүндөсө, Матраимовдор материалдык доодон баш тартууга даяр экенин билдиришкен эле.

2019-жылдын 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган.

«24.kg» сайты бул иликтөөлөрдү өзү жүргүзгөн эмес, болгону көчүрүп баскан.
Иликтөөлөргө байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана ««24.kg»» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

19-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баштапкы соттук жыйын өткөн.

Булак: Азаттык