Мындай пикирин Баткен облусунун айрым тургундары бүгүн, 29-январда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришти.
Баткен облусунун тургуну Аваз Чотбаев журналисттерден так маалымат таратууну суранды. Анын айтымында, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго каршы минингге чыккандар Баткен облусунун бир дагы пайызын түзбөйт. Алар өз кызыкчылыгын көздөгөн топтор.
«Мен айткандарымды далилдеп бере алам. Бул жерде элди дүрбөлөңгө салуунун кажети жок. Баткенде чек ара боюнча 15 жылда бүтпөгөн иш 2 жылда бүтүп жаткан убакта коңшу туугандардын, 4-5 топтун кызыкчылыгын эске алып, Жеңиш Разаковду кетсин деп жатышат. Маселе чечилип бүтөйүн деп жатканда Жеңиш Разаковдун алмашканы кимге жакшы? Мен айткан 4-5 топко жакшы же тажик туугандарга жакшы. Менде бул боюнча толук далил бар», - деди Чотбаев.
Ал эми спорттук лидер Тилек Усуповдун айтымында, чек ара маселеси Баткендин гана эмес, бүткүл Кыргызстандын көйгөйү. Ал бул маселе боюнча коомдук мамлекеттер аралык комиссия түзүү керек деп эсептейт.
«Бүгүнкү күндө суроо көп, жооп аз болуп жатат. Митингдер элдин тынчын алат, биз цивилизациялык заманда жашап жатабыз. Биз бардык маселелерди талкуулоо, чечүү үчүн коомдук мамлекеттик уюмдарды түзсөк болот. Чек ара маселесин өз ара чечүү үчүн биригүүгө чакырам. Чек ара маселеси болуп келген жана дагы эле боло берет. Бул маселени согушпай чечүү керек. Мен депутат, министр болууга аракет жасагам жокмун. Биздин эл — кыргызстандыктар тынч жашап, чек арабыз корголуусун каалайм», - деди ал.
Баткен облусунун тургуну, ишкер Камчыбек Асанов: «Кетсин" деген чакырыктарга каршыбыз. Чек ара маселесинде этият бололу», - деди.
Анын айтымында, Ж.Разаковду 2 жаран сотко берип, 5 млн сом өндүргөнү жатышат. Чек ара маселеси оор маселе. Эки тарап макулдашып, кол коюлганда гана чечилет. Бул маселени бир гана адам чечип кое албайт. Ал учурда 4-5 адам гана чагымчылдык кылып жатканын кошумчалады. Ошондой эле социалдык тармактарда жалган-жалаа, куру доомат сөздөр көбөйүп кеткенин айтат.
Лейлек районунун тургуну Акылбек Разыков да чек ара боюнча митингге чыккандарга каршы экенин билдирди. Ал чек ара маселесин саясат оюнуна аралаштырып жатышканын айтат. А.Разыков депутат Жанар Акаев Жеңиш Разаковго талап койнун кошумчалады.
«Ал 4-5 адамдын пикирин угуп алып, Ж.Разаковдон кечирим сура деп жатат», - деген А.Разыков тескерисинче депутат вице-премьер-министрден кечирим сурашы керек деп эсептейт.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы керек деген пикирин депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 22-январдагы отурумунда билдирген.
Анын айтымында, Ж.Разаков тармактык комитетте чек араны тактап берүү өтүнүчү менен аянтка чыккандарды «акчага чыккандар» деп атаган.
«Бул элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериш керек, болбосо сот алдында же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып, кечирим сурасын. Факт жок. Баткенден, чек арадан, айыл-ападан келип, өкмөткө жакшынакай талабын коюп, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жатышса, "акчага чогулгандар" деп атады. Бул абдан чоң ката. Разаков бүгүндөн калбай же кызматын тапшырышы керек, ошол сөзү үчүн. Бул деген мазактоо. Кыш чилдеде эл чек арадан кыйналып келип, митингге чыгып жатса, ал "акчага келгендер" деп жатса…
Экинчиден, күч органдары тезинен камакта жаткан 2 баланы бошотушу керек. Аларга массалык баш аламандык уюштуруу деп кине коюп жатыптыр. Бул дагы туура эмес. Айыл башчылар бул жакка келип сүйлөп койсо, аларды куугунтуктап жатышат», - деген депутат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча митингге катышкандар акча үчүн чыгышканын кечээ, 21-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков журналисттерге билдирген болчу.
«Мен деле элден мен үчүн чыгып коюшун сурана алам. Кимге көп адам чыгарын ошондо көрөбүз. Бирок мага болбойт. Мен мамлекеттик кызматкермин жана бул туура эмес», - деген ал.
15-январда Бишкек шаарындагы Ай үйдүн алдында митинг өтүп, анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан.
Мындан тышкары ал «Азия Ньюс» гезитин эмне себептен сотко бергенин айтып берди. Ал гезитте Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына мамилеси бар делген материал жарыяланган.
«Бул маалымат боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Разаковдун чет өлкөлүк кызматтарга тиешеси бар делген маалымат тастыкталбаганы тууралуу УКМК билдирүү тараткан. Мен өзүм сотко бербейт болчумун, мага баары бир. Бирок туугандарым бул ишке чекит коюшумду жана гезитти сотко берүүнү талап кылышты. Сот биринчи инстанцияда гезитти күнөөлүү деп таап, ал маалыматты төгүндөө жана мага 1 млн сом төлөп берүү чечимин чыгарган», - деген Разаков.
Булак: Баракелде