Бишкек, «Саясат. kg». Ырчы Клара Алибекованы шылдыңдап видеого тартып, интернетке жайылткан милиционерлердин өздүгү такталды.

Башаламандык менен мыйзамсыздык, анархия менен монархия өкүм сүргөн биздин өлкөдө башкасын кой, кылмышкерлер менен айрым диний экстремисттер карапайым калкты эмес, кадимки УКМКнын чекисттерин кааласа башка атып, жинине тийсе бычактап да кетишүүдө.

Кыргыз өкмөтү кеч болсо да алдангандыгын билдиби же мурда пландаштырылган планы ишке ашпай калдыбы, айтор 10-октябрда чехиялык Liglass Trading ишканасы менен түзүлгөн келишимди үзүп, толугу менен чекит коюла тургандыгын жар салды.

Ар бир эле цивилизациялуу коомдо ишкерби, бизнесмен болобу же калем акы алган чыгармачыл инсандарбы, баардыгы мамлекетке салык төлөөгө тийиш. Өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө салык төлөбөй койгон адам катуу жоопкерчиликке тартылып, кылмышкер катары уяткарылат.

Эмнегедир быйылкы президенттик шайлоо көптөгөн ызы-чуу, өйдө-төмөн сөздөр менен коштолгондой эле республикалык шайлоо штабынын жетекчиси да үчүнчү ирет алмашып отурат. Алгачкы башчы Д.Зилалиев Баткенде шайлоо мыйзамын бузуп, анын ордуна дайындалган Т.Жумакадыров автокырсыкка кабылып, каза болду.

Буга чейин президент А.Атамбаев өзү баш болуп, шайлоодо айрым оппозициялык саясатчылар башаламандык уюштурууну пландаштырып жатышат деп билдирүү тараткан болчу. Көрсө, бийликтин андай божомолдору “чын экен”.

Жылан баласы жатпасын...

Кыр ашыштыбы?

Акыр-аяк ушуну көрсөтүшмөк

Аялдар киришкенде иш чатак

 

Жомокчулар не дейт?

Баса, жогорку бийликтегилер сак болбосо, кыска убакыттын ичинде мамлекеттик маанилүү кызматтагы адамдарга кол салуубу же автокырсыкпы айтор, бир жагымсыз үрөй учурган жагдай орун алып калышы мүмкүн экени да айтылып жатат. Бирок, бу сапар андай жагымсыз жагдайга кимдер  туш болоору тууралуу айтпай эле коёюн.

Кыргызстан мителерден арылмайын, эч качан алдыга жылбайт. Билип жатабыз, айрым президенттикке талапкерлер тышкы күчтөрдүн, өзүнүн жеке кызычылыгын ишке ашырыш үчүн шайлоочуларга куру убада берип жатышат. Эми президент айткан убадасына туруп, чечкиндүү кадамдарга барса эң туура болмок.

Коңшуларга карап түздөн!

Саясий туткунбу же...

Өткөн жумада президент А.Атамбаевдин Ташкентке жасаган расмий сапарында эки өлкөнүн достугун чыңаган жагымдуу кабар болду. Анда кыргыздардын батырдык “Манас” эпосу өзбек тилине которулганы, Өзбекстанда кайрадан басмадан чыккандыгы жарыяланды.

Президент А.Атамбаевдин өткөн жумада Ташкентке жасаган иш сапарында бир катар документтерге кол коюлду. Алардын катарында Ташкент-Анжиян-Ош-Кашкар багытында жүк ташуу да макулдашылды.

Бишкектин Свердлов райондук соту 5-октябрда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун “24.kg” маалымат агенттиги менен журналист Кабай Карабековго каршы жазган арызын карап, алардын ар бирин беш миллион сомдон айыпка жыкты.

“Өзбекгидроэнерго” ишканасы Кыргызстандагы Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушуна катышууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

5-октябрда социалдык тармактарда белгилүү ырчы Клара Алибекова тартылган тасма тарады. Тасмада Алибекова белгисиз адам аны зордуктоого аракет кылып, муунтуп коркутканын шок абалда милицияга айтып берип жатканы баяндалат.