Таластагы митингчилерге өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев чыкты. Ал ИИБдин жетекчилиги менен биргеликте топтолгондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, учурда мамлекетке башкы нерсе – туруктуулук экенин айтты.
Дайыр Кенекеев митингчилерге учурдагы президент Атамбаевдин алты жылда жасаган жакшы иштерин абдан айтып, анысын «башымды жулуп алсаңар да айтам» деген догурунуусу менен коштоду.
Таласта шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп жергиликтүү элдин айтымында, 3 миң, ал эми аймактык ИИБдин маалыматында 300 адам митингге чыккан.