- Камчыбек Кыдыршаевич, сиз президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, Жалал-Абад областында шайлоого көзөмөл салдыңыз. Негизи бул ирет шайлоо кандай өттү? Чектен чыккан жоруктар болдубу?

 

- Менин оюмча, шайлоо калыс жана адилет өттү. Эл бул ирет өзүнүн жүрөгү менен татыктуу тандоо жүргүздү. Олуттуу, шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизе турган кандайдыр бир мыйзам бузуулар болгон жок. Азыр айрым жерлерде айтып жатышпайбы, тигил же бул талапкерди колдоо үчүн “акча таркатты”, “админресурс иштеди”- дешип. Жеке мен мындай көрүнүшкө күбө болгон жокмун. Жалал-Абад областында, өзгөчө Барпы айыл округунда Сооронбай Шариповичти колдоо үчүн элге бир дагы тыйын берилген жок. Эл көңүлү менен добуш берди. Учурдан пайдаланып, мен жалпы элге, “Ата-Журт” партиясынын жактоочуларына, шайлоочуларыма Сооронбай Шариповичти колдогону, ошону менен бирге менин сөзүмдү жерге таштабагандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

 

- Коомчулук бул сапар да Бабанов менен тандемде чыгышыңызды күттү эле. Бирок, экс-өнөктөшүңүздү колдобой койдуңуз. Мунун чын сыры кандай?

 

- Мен мурдатан эле ачык айтып жүргөн саясатчыларын биримин. Эл өзү күбө, 2015-жылкы парламенттик жарыштан кийин менин эмгегим тебелендиде калды. Менин жанымда ондогон жылдар бою жүрүп, саясий карьера жасагандар, колдоомду алып депутат болгондор баары парламентке баргандан кийин мени сатып кетишти. Алардын баары Өмүрбектин тегерегине топтолуп, “Бабанов эртең президент болот”- дешип, акчасын алып, катуу чуркашты. Мындай соккуну мен унчукпай кабыл алып, айтпай жүргөм. Бирок, президенттик шайлоо келгенде көп ойлондум, мага да кандайдыр бир чечим кабыл алуу кыйын болду. Анан албетте, кечээ мени сатып кеткен хамелеондор бүт Бабановго чуркап жүрүшкөнүн көргөнүмдө жандүйнөм ачышты, ошондуктан, мен буларга турмуштук-саясий тарбия берип коюшум керек экендигин түшүндүм. Өч алуу деши да мүмкүн. Жок, мен болгону аларга өздөрүнүн кыймыл-аракеттерине жараша жооп бердим. Мен алардын азыркы ахыбалына кейиймин. Эл дагы “бир учурда Ташиевди сатып кетишкен”- деп, аларга өз баасын берди. Бирок, жеңилгенди билиш керек. Өмүрбек да шайлоонун кандай өткөнүн көрдү. Ошондуктан, ал утулганын моюндап, Сооронбай Жээнбековду куттуктап койсо, саясий маданияттын бийик үлгүсүн көрсөткөн болот эле. Ар дайым элге, мамлекетке, тынчтыкка, туруктуулукка күйгөн адам болуп келе жатат, чындап күйгөнүн мына эми иш менен далилдеп берсин. Мен шайлоо башталганда эле айткам, “эгерде биздин талапкер бир гана добуш менен утуп келсе, биз бул жеңишибизди эч кимге бербейбиз, алдырбайбыз”- деп. Биз бул сөзүбүздө турабыз. Женишти эч кимге бербейбиз!

 

- Эгерде сиз Бабановду колдоп чыкканда, жыйынтык кандай болот эле?

 

- Эгерде мен Бабановду колдосом, абал кескин өзгөрмөк. Себеби, мен ким тарапта болсом дагы, анын жеңиши үчүн бүт күчүмдү жумшайм. Кээ бир саясатчыларга окшоп, калп эле кошулуп карап олтургандардан эмесмин. Ошондуктан, абал башка жагына оомок. Акыры, жыйынтыгы кандай болот эле, айтуу кыйын. А бирок, мен өзүмө, туура жол тандаганыма, элимдин да татыктууну колдогонуна ыраазымын. Негизгиси, биз бул кадамыбыз менен адамдык сапатыбызды да сактап калдык.

 

- Жалал-Абадда, деги эле түштүктө Бабановго Төрөбаев кошулгандан кийин, “биз жеңебиз, Бабанов президент, Төрөбаев премьер болот”- деп ооз көптүрүшкөн эле. Булар жеңмек тургай, түштүктөн жок дегенде көчөгө чыкканда уялбай тургандай да добуш ала алышпады? Себеби эмнеде?

 

- Анын башкы себеби – бул адамдардын жеңил ойлуулугунда болду. “Мен кыйынмын” десең, сенден да өткөн кыйындар бар экенин эстен чыгарбаш керек. Ар дайым элге чыгып сөз сүйлөөрдө этияттанып жүрүш керек. Экинчи жагынан, эл саясаттагы саткын адамдардан чындап көңүлү калыптыр. 2015-жылдагы парламенттик жарыштан кийин мени кандай абалда калтырышканы элдин дагы эсинен чыкпаптыр. Алар ачык эле, “саткындардын жазасын беребиз”- деп, ушундай жыйынтык чыкты. Мен көп жылдардан бери элдин сүйүнгөнүн, бири бирин куттуктаганын көрө элек болчумун. Ошондуктан, элди жеңиши менен куттуктайм. Сооронбай Шарипович да дароо биз менен байланышып, элге-журтка колдоосу үчүн таазим кылуу менен бирге, ыраазычылыгын билдирди. Карапайым калк Сооронбай Жээнбековдун жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, коррупцияга аралашпаган таза адам экенин көрүп, колдоого алды.

 

- Сиз Атамбаевге алты жыл оппозицияда болдуңуз. А Жээнбеков анын ишин улантам дейт. Демек, сиздин позицияңыз өзгөрүп кеттиби?

 

- Мен ойлойм, эгерде биз бүгүнкү курс менен кетсек, тынчтык жана стабилдүүлүк болсо, коррупция каршы күрөш уланса, эмнеге мен жаңы президентти колдобошум керек? Жогоруда айтылган нерселер мамлекет үчүн керек. Бүт элдин турмушун жакшыртууга керектүү нерселер, аны колдосо, өзү айтандай, коррупционерлерге каршы чечкиндүү күрөш жарыяласа, Сооронбай Шарипович эл үмүтүн актайт. Биз дагы элдин үмүтүн актоо үчүн жаңы шайланган президентке колдон келген жардамыбызды беребиз.

 

- Сизди чоң кызматка барат деп жатышат. Соодалашкансызбы?

 

- Мен эч кандай соодалашууга барган эмесмин. Эл-журттун, мамлекеттин келечеги үчүн бул кадамга бардым. Өзүмдүн чечимимди билдиргенде, Сооронбай Шарипович да күтүүсүз болгондуктан, аябай таң калган. Мен бул кадамга Жээнбековго каршы чыгып аткан адамдар ким экенин билип туруп барган. Эгерде Сооронбай Жээнбековдо мүмкүнчүлүк болуп, биздин колубуздан келген ишибизди сунуштаса, элге кереги тийген сунуштан баш тартпайм.

 

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан. kg” гезити