Президенттик шайлоо тынч өткөн менен ар кандай чагымчылдык аракеттер болуп кетишинен чочулап турганыбызда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында белгисиз адам көчөдө турган автоунаа, үйлөргө өрт койгондугу баарыбызды сестенте койду.  Бул окуя 16-октябрдан 17сине караган түнү болду. Болжол менен онго жакын жеңил машиналар жана үйлөрдүн короо-сарайлары күйгөн. Чүй облусттук ички иштер башкармалыгы учурда ыкчам-иликтөө тобу жеринде иштеп жаткандыгын билдирип, түнкү үчтөрдө машиналарды өрттөгөнгө аракет кылган адам кармалгандыгын ырастады. Fiat үлгүсүндөгү машина толук өрттөнгөн. Мындан сырткары дагы эки машинаны, үйдүн каалгасын өрттөө аракети болгон. Дагы Кудай жалгап башка кошуналар өз үйлөрү менен машиналарын сактап калышкан. Антпесе өрт бир нече машиналар менен үйлөрдү каптамак экен. Облусттук милиция башкармалыгынын билдиришинче, азыр бул окуяга байланыштуу психикалык жактан жабыркаган жаран суралып жатат. Андыктан аталган окуянын шайлоого эч кандай тиешеси жок деген да тыянак чыгарууга болот. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча анын аты-жөнү тууралуу да маалымат берилген жок.

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити