"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров SUPER.KG порталына 15-октябрда өткөн президенттик шайлоо боюнча пикирин билдирди. Анда, Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан.
"Шайлоонун жыйынтыгын тааныйм" десем Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жүргөн миӊдеген мекендештердин үмүтүнө түкүргөн болом. Четте жүргөн 1 миллионго жакын кыргызстандыктардын 18 миӊге жакыны гана шайлоого катыштырылды, бул алардын укугун тебелегендикке тете. Эгерде шайлоонун жыйынтыгын тааныдым десем, аларга чыккынчылык кылган болом. Экинчиден, Кыргызстандагы эле миӊдеген жарандар шайлоо күнү өздөрүн тизмеден таппай калышты. Шайлоонун жыйынтыгын таанысам, буларга да чыккынчылык кылган болом. Ошондуктан шайлоо керемет өттү дегенге такыр кошулбайм", - деп деди Мадумаров.
"Биринчи күрөш бүттү, экинчи күрөш башталат. Экинчи күрөш бийликтин мындан аркы аракеттерине жараша болот", - деп кошумчалады ал.