Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүрзак Жолдош уулу, Астанага кандай барып, эмне жаңылыктар менен келдиңиз?
- “Дүйнөлүк Назарбаев” даректүү тасмасы менен бирге “Алтындан кымбат махабат” көркөм тасмасын тартып баштоону макулдаштык.
- Казактар менен чогуу тартмакчысыздарбы?
- Ооба. Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен долбоору болмокчу.
- Тасма ошондо эки өлкөдө тартылабы?
- Казакстан, Кыргызстан, Россия, Түркияда тартылат буйруса.
- Мыкты актёрлор тартылса керек?
- Арийне. Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Түркиянын белгилүү кино актёрлорун чакырмакчыбыз.
- Кыргызстандан кайсы актёрлор кимдердин ролун аткармакчы.
- Марат Алышбаевге мурдагы Кыргызстан компартиясынын катчысынын, азыркы алтын кенинин башкы директорунун, Аскат Сулаймановго казактын жээни, бизнесмендин, Азур Насирдиновага казак жигити сүйүп калган кыргыз кызынын ролдору сунушталмакчы.
- “Кыргызстан компартиясынын катчысы, алтын кенинин башкы директору, кыргыз кызын сүйгөн казак жигити” деп атасыз. Кинонун кыскача окуясын айтып бербейсизби.
- Окуя компартиянын катчысы менен ЦК КПССтин катчысынын Кремлде жолугуп, СССРди эскерүүсү менен башталат. Жаш казак жигити келинчегин алып айылдан Астанага келет. Анын дүкөндө сатуучу болуп иштеген сулуу аялына дүкөн ээси, бай киши ашык болуп, алтындарды тартуулап, Турцияга эс алууга ээрчитип кетет. Жигит, аты Айдар күйүттөн ичип, көп акча табыш үчүн кумарга кирип, чоң карызга батат. Түшүндө бандиттер “өз көрүңдү өзүң каз” деп жер каздырып атса аерден кол башындай алтын чыгат. Бандиттер алтынды алып сүйүнүп Айдарды таштап жөнөшөт. Ойгонуп алып Айдар: “Бул аян чыгаар” деп илгери 30-жылдарда чоң атасы Кыргызстанга көмүп, кийин таппай калган ат туягындай алтынды издеп Бишкекке келет. Алтынды таппай металл издегич аппарат сурап “Бозумчак” алтын кенинин башкы директоруна кайрылат. Айдардын арманын уккан комбинаттын башчысы аны кенге геологиялык изилдөө тобуна жумушка киргизет. Айдар Кыргызстандан кайгысы окшош, күйөөсү Москвада иштеп жүрүп акчалуу, өзүнөн улуу аялга кетип калган Айгүлдү жолуктурат...
- Айдар алтынды табабы?
- Эми аны кино чыкканда көрүшсүн окурмандар.
- Бул тасманы качан тартып баштап, качан элге тартууламакчысыздар?
- Кудай буйруса, октябрдын этеги баштап, жаңы жылга кинотеатрларга алып чыксак деген тилекте турабыз.
- Каржыны казак тарап чыгарабы?
- Мен Назарбаев тууралуу кино тартып, Казакстандын министр, депутат баш болгон бир катар белгилүү өнөр адамдары менен таанышып, кызматташтым. Маданият министри Арыстанбек Мухамеди улы теледен айтып атпайбы: “Жылына орточо беш көркөм тасмага 4 миллион доллардан акча бөлөбүз, бирок, элди дуу түшүргөн мыкты тасма жаралбай атат” деп.
“Президент жана бомжду” алардын баары жакшы билишет. “Биз 50 миң долларга тарткан кино силердин 4 миллион долларга тарткан кинодон кем эмеспи?” десем, “кем эмес, ашса ашат” дешти. “Сиз кызыктуу сценарий жазыңыз, биз кенен каражат табалы” дешкен. Жакында жаңы сценарийимди сунуштасам, жактырышты. Мурда, былтыр казак кино тармагынын жетекчиси менен талашкам. Ал айтат: “Кино мыкты болуш үчүн эң башкы критерий режиссёр мыкты болуш керек” деп. Мен Голливуд жылдызы, сценарист, режиссёр, актёр, дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал Квинтон Тарантинонун оюн мисалга тарттым. Тарантинодон журналисттер сурап атышпайбы: “Кино мыкты болуш үчүн негизги үч критерийди атасаңыз?” деп. Тарантино айтты: “Биринчиси - сценарий. Экинчиси - сценарий. Үчүнчүсү - сценарий. Ал эми күчтүү режиссёрлор менен актёрлор азыр дүйнөдө жетиштүү” деп.
Мунун себеби, а дегенде адабият пайда болуп, кылымдар бою миңдеген повесттер менен романдар жазылган. Режиссёрлор аларды тартып, атакты да, акчаны да режиссёрлор менен продюсерлер алып, жазуучулук аксады. Ошон үчүн азыр дүйнөнүн кино тармагында сценарийге такыстык күч.
- Казак кесиптешиңиз сиздин жүйөөгө макул болдубу?
- Ооба. Ошон үчүн айтып атышпайбы? “Сиз жакшы сценарийлерди жаза бериңиз, биз каражат табабыз. Чогуу кинолорду тарталы” дешип.
- Назарбаев тууралуу даректүү тасмаңыздын экинчи бөлүмүн кошо тартмакчысыздарбы?
- Ооба. Ансыз да бир катар өлкөлөргө барганы турабыз тасма тартып. Көркөм тасма менен кошо даректүү тасманын эпизоддорун кошо тарта келүүнү болжоп атабыз.
- Назарбаев демекчи, учурдагы кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кыйын кырдаал тууралуу эмне айтмакчысыз
- Бул эми саясат го, биздеги президенттик шайлоого байланышкан. Шайлоо өттү. Баш аламандыкка жол берилген жок. Эми менимче, чек аралар ачылаар.
- Назарбаевге карата айтылган сын пикирлерге көз карашыңыз?
- Кемчилиги жок адам, инсан болбойт. Назарбаевде, казак бийлигинде да кемчиликтер жок эмес. Ошентсе да Нураке Казакстанды дүйнөдөгү күркүрөгөн 30 мамлекеттин арасына кошуп атпайбы. Биз Нуракени сындоодон мурда ал кишиден үйрөнүшүбүз керек. Кыргызстанда да Назарбаевдей иш билги, көсөм жетекчилер жаралуусун тилейм.
- Кыргызстандын айылдарында элдин жашоосу биздегиден көп деле артык эмес дешет го.
- Андай көрүнүш жок эмес. Биз ошол даражага көп кыйынчылык, азап менен жетишип атпайбызбы. Мисалы, менин кичи мекеним Таласта. Байкуш жердештерим канча жылдан бери жер тырмалап, кыйналып-кысталып төөбуурчак менен көтөрүлүштү. Жаштардын көбү Орусия менен Казакстанда иштеп, бияктагы ата-энелери менен бир туугандарына акча жөнөтүп атышпайбы. Былтыр Москвада жүрсөм биздин Манас районунун Арал айылынын мектепти он жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрү юбилейди Москвада өткөрүштү. Жыйырма классташтын он беши, биринчи мугалими да Москвада экен.
- Ишиңизге ийгилик. Мыкты кинолорду жаратып, Кыргызстанды дүйнөгө даңазалай бериңиз!
- Рахмат!
Маектешкен Арина Рысбаева, Булак: "Майдан. kg" гезити