Бүгүн Талас шаарында шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандар чогулушкан. Бул митингди шайлоодон утулууга дуушар болгон Бабановго байланыштырышкандар табылган.

 

Бирок, саясатчынын штабынын маалыматына караганда, жарандарды эч ким көчөгө алып чыккан эмес. Алар өз демилгелери менен чыгышкан. Бабанов өзү маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо жыйынтыгын тааный тургандыгын, утушка жетишкен атаандашына ийгилик кааларын билдирген.

 

 

 Күбөлөрдөн айтымында, Таласта 3 000дей адам чогулган, бирок аталган шаардын ИИБинин маалыматына таянсак, аянтка 300дөй адам топтолгон жана алар эч кандай талап коюшпаган.