Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бешинчи президенти болуп шайланды. Ал учурдагы президент Атамбаевдин жолун улантуучу катары маалым.

Мамлекетибизди алдыдагы алты жылда кандай адам башкарат?

 

Сооронбай Жээнбеков   1958-жылы 16-ноябрда төрөлгөн, толук бир айдан кийин  60 жаштын тамагын жеп баштайт.

 

Кичи мекени – Кара-Кулжа району.

 

Алгачкы алган билими айыл чарба жаатында. Бирок эмгек жолун орто мектепте орус тили жана адабиятынан мугалим болуу менен баштаган. Кийинчерээк экономика жаатында билим алган.

 

Жогорку Кеңешке үч жолу депутат болуп шайланган.

 

Сооронбай Жээнбековду «жакшы атанын уулу» дешет. Атасы Шарип Жээнбеков өз убагында өтө бай жана өз аймагына таанымал инсан болгон. Энеси Самара өмүрүн балдарын тарбиялоого багыштаган.

 

Ал атасынан мураска бөлмө толо китептер калганын айтат. Балалыгы кадимки айылдык балдардай кой жайуу, талаа иштерине аралашуу менен өткөн.

 

Бир туугандарга бай. Шарип Жээнбеков жана жубайы Самара эне алты уул, төрт кызды тарбиялап чоңойтушкан. Улуу уулу Кантөрө Жээнбеков – окумуштуу. Болгондо да окумуштуулар чөйрөөсөндө кадыр-баркка ээ болгон. Ал саясатка аралашпай, өзүн толугу менен илимге арнаган адам болгон.   Ал ушул жылы апрель айында инсульттан каза тапкан.

 

 

 

(Асылбек Жээнбеков)

 

Кичүү  уулу Асылбек Жээнбеков коомчулукка Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын  спикери болгону менен таанымал. Экинчи жолку чакырылыштагы спикерлик ордун так ушул агасы Сооронбай Жээнбеков үчүн баш тарткан. Агасынын өкмөт башчы болуп келгени инисинин ээлеген ордунан баш тартууга алып келген. Ага-ининин даражалуу орундарды ээлеп отурганы өөн көрүнгөндүктөн, алардын бири жол бошотушу керек эле.

 

Сооронбай Жээнбековдун дагы бир бир тууганы Жусупбек Жээнбеков жакынкы убакытка чейин Сауд Аравиядагы Кыргызстандын элчиси болгон.

Жыргалбек Жээнбеков бир туугандары жогорку кызматтарга келгенге чейин кичүү мекенинде токой чарбасын башкарчу. Азыр атасынан калган үйүндө жашап, айыл чарба менен алектенет.

 

 Искендер Жээнбеков Ош облусунун эң жаш прокурору болгон. Бирок, 28 жашында прокурор болууга жетишип, 40 жашында жарыкчылык менен коштошкон.

 

Жаңы президенттин карындаш-эжелери тууралуу коомчулукка маалым эмес. Айтымдарга караганда, алардын бири дарыгер, экинчиси үй кожойкеси, дагы бири мугалимдик кесипти аркалап жүрүп пенсияга чыккан. Алардын баары саясаттан алыс жай турмуш кечиришет.

 

Фото Элнуры Кулуевой.(Сооронбай Жээнбековдун жубайы)

 

Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн үй-бүлөсү  тууралуу да маалымат аз. Жубайы Айгүл үй кожойкеси экени айтылат. Күйөөсү  даражалуу кызматтарды ээлесе да жөнөкөйлүгүнөн жазбай, үй тиричилигин өзү  аткараарын да белгилешкен.  Бир кыз, бир уулу бар. Кызы бир жыл мурда парламент депутатынын уулуна турмушка чыгып, уулдуу болгон. Ошондо, Сооронбай Жээнбеков бир неберенин таятасы. Ал эми уулу мектепте окуйт.

 

 

 

 Соцтармактарда Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчылыгына келиши ар түркүн пикирлерди жаратты. Эмнеси болсо да, элине кайрымдуу, мекенине берилген эл башчысы болуп берсин деп тилейли.