(Аягы.

1-бөлүм: Ахматбек Келдибеков: “Башыма оор күн түшүп турганда - элим мага таяныч, тирек болуп, жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам!” http://www.sayasat.kg/kg/sayasat/81076-akhmatbek-keldibekov-bashyma-or-kin-tiship-turganda-elim-mage-taianych-dashk-bolup-stingyz-tashtagan-jockey-menusha-symyktans-im.html):

2-бөлүм: Ахматбек Келдибеков: “Атамбаевдин бийлиги жаратуучу эмес, талкалоочу болду!”: http://www.sayasat.kg/kg/sayasat/81113-akhmatbek-keldibekov-atambayevdin-biiliga-jaratuchu-emes-talkalochu-bold-ii-bjlim.html)

- Серепчилер 2020-жылы эң кымбат, кызуу шайлоо болот жер жар салышууда...

- Бул шайлоо ѳзгѳчѳ күчтү талап кылган, аламан байгедей болот, мен дагы ишенем. Бирок, бул жолу акча менен элдин ишенимине ээ болобуз дегендин ѳзү - жаңылыштык деп эсептейм. Анткени, мурдагыдай добуш сатып алуу үчүн кѳп каражат жумшоо ѳз жемишин берет деп мен ишенбейм.  Канчалык акча чачылбасын, эл ѳзү ишенген, ѳзү тандаган талапкерлерди сүрѳѳп маарага чыгарат деп ойлойм. Себеби, таза шайлоо ѳткѳрүү элдин гана колунда.

- Ата-Журт партиясынын бул шайлоого даярдыгы кандай? Дегеле кимдер менен кошулушу мүмкүн? Эгер шайлоого жалгыз бара турган болсо таасири, шансы канчалык?

- “Ата-Журт” партиясы шайлоого дайым даяр. Кудай буйруса ѳзүбүзгѳ буйруган мандатты алабыз деген терең ишеничим бар. Анткени, биздин ишенген элибиз, сатпаган, сатылбаган туруктуу колдогон шайлоочуларыбыз бар. Ал эми кайсы багытта, кимдер менен барабыз аны убакыт кѳргѳзѳт.

- Тогуз пайыздык чектөөлөр боюнча оюңуз кандай? Мурда 9 пайыздык чектөөнү колдогон “ата-мекенчилер кайра 3-5 пайызды сунуш кылууда, себеби эмнеде?...

- Шайлоо босогосун тогуз пайызга көтөрүү боюнча мыйзам кабыл алынып жатканда бүгүн каршымын деп айгай салып жаткан айрым депутаттар тескерисинче: “мындай мыйзам бизге керек болчу”, “ туура болду” деп эч кимге сѳз бербей кыйкырып жүрүшкѳн. Ошол кезде  мына ушулар элдин, кѳп жылдан бери бул айдыңда жүргѳн саясатчылардын ой-пикирин угушту беле? Жок! Себеби, жогору жактан, Атамбаевден шайлоо босогосу тогуз пайыз болсун деген тапшырма келген. Алар элдин пикири менен эмес, бийликтин пикири менен эсептешишкен. Бирок,  бүгүнкү күндѳ бул мыйзам долбоору кайра каралып, 7 пайыздык чекке түшүп жатканы жакшы кѳрүнүш деп эсептейм. Анткени аз да болсо саясий атаандаштык түзүлѳт. Себеби шайлоо учурунда акыйкаттык тепселенип, элдин укугу корголбой, күчкѳ салуу болсо, сѳзсүз тополоң чыгары дүйнѳлүк практикада кѳп эле кездешет.

- Сиз бир топ жетекчилик кызматтарда иштедиңиз, Кыргыз Республикасы Конституциясына ылайык парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкөнүн парламенттинин алгачкы тѳрагасы болдуңуз. Айтыңызчы атак-даңк, кызмат адам мүнөзүн өзгөртө алабы?

- Ооба, мен бир топ жогорку жетекчилик кызматтарда иштедим. Сиз айткандай Кыргыз Республикасы Конституциясына ылайык парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкөнүн Жогорку Кеңешинин алгачкы тѳрагасы болдум. Ошондуктан ѳз тажрыйбама таянып ѳзгѳртѳ алат деп айта алам. Себеби сени курчаган кошоматчылар аябай кѳбѳйѳт. Жетекчини менчиктеп алгысы келген топ пайда болот. Алар сага чындыкты, негизги кѳйгѳйлѳрдү эмес, сен каалаган, сага жакан гана жаңылыктарды айтып,  бурмаланган маалыматтарды бергенге аракет кылышат. Анан эң негизгиси интрига, бузуку чагымчылдык,  таасир талашуу кѳбѳйѳт. Бирок, жетекчи акыйкат-калыс болсо бул нерселердин баарына чекит коё алат деп ишенем.

- Кантип?..

- Билесизби, сиз жетекчиликке келгенден 5-6 күн ѳтүп-ѳтпѳй бирин-бири ушактоо, жамандоо, интрига пайда болот. Айрым кызматкерлер дагы бир кесиптешин жамандап келе баштайт. Мындай учурда мен кимдир-бирѳѳнү жамандап келген кызматкер менен ал жамандаган адамды кѳздѳштүрүүгѳ аракет кылам, эгер шарт болбой калса, телефондон түз эле “баланча сен жѳнүндѳ мындай деп айтып келди, канчалык деңгээлде чындыгы бар?”- деп айтчумун.  Жамандап келген кызматкерлерге да: “эгер сен айтып келген сѳз чын болсо мен аны кантип жазалоону ѳзүм билем, эгер сен айтып келген сѳз жалган жалаа, ушак болсо анда мага таарынба”- деп маселени кабыргасынан койгонго аракет кылчумун. Мына ушундан соң, мындай бирин-бири кѳмүскѳ жамандоолор токтогон. Мындай учурда маселени жеринен такап, чечиш керек деп ойлойм. 

- Өлкөбүздү өнүктүрүүнүн кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

- Иштѳѳ керек. Күнбү-түнбү? Айырмасы жок. Анан эң негизгиси кесипкѳй, иштин кѳзүн таба билген, ѳз алдынча чечим кабыл ала алган, чечкиндүү, тажыйырбалуу адистерди жерлигине карабай кызматка тартуу керек. Мына ошондо гана мамлекет ѳнүгѳт.

- Руханий платформаңыз кандай?

- Адилеттүүлүк: Анткени, эзелтеден кыргыз эли бийликтин кадырын, баркын адилеттиктен, тазалык менен калыстыктан кѳргѳн.

Акыйкаттык: Акыйкат болбогон бийлик, акыйкат башкара албайт. Ошондой эле элибиздин ыйман экологиясын улуттук нака дѳѳлѳттѳр аркылуу сактап калуу, акыйкат бийликтин башкы парзы жана милдети.

Мекенчилдик: Уюткулуу журт мекенчил болот. Ѳз Улуттун сүйүү, ал-улутчулдук эмес, ал ѳз тарыхын урматтоо, ѳз элин сыйлоо. Ал Мекендин ыйыктыгын урматтоо.

Ыймандуулук: Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат.

Ырайымдуулук: Адам укугу - бул улуу түшүнүк, биз ѳлкѳбүздү адам укугун бийик сактаган ѳлкѳгѳ айландырышыбыз керек.

Ынсапкорлук жана сарамжалдуулук: Кыргыз эли эзелтеден ушул эки сапатты жогору баалап келген. Кыргыз улуттук коррупциясынын ѳзгѳчѳлүгү, тамыры, ѳзѳгү биздин сарамжалсыз мамилебизде, ынсапкорлугубузда жатат. Мен жаңылануунун улуттук ѳзгѳчѳлүгүн ѳткѳндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан кѳрѳм.

- Жашоо принциптерден турат, сиздин принциптер...

- Бирѳѳнү ак жеринен күйгүзүп жамандык кылба. Ушак айтып, жалган жалаа жаппа. Кандай максат койбо ага акыйкат, чындык менен жет.  Бул менин жашоодо ѳзгѳртпѳгѳн негизги принциптерим. Бирѳѳгѳ кыянаттык кылсаң, ал сѳзсүз кудайдан кайтарын ѳз башымдан ѳткѳрүп кѳрдүм. Жараткандын таразасы эч убакта жаңылбасын билем. Кечээ мени ак жеримден жамандап, кыянаттык кылгандар бүгүн кандай күндү кѳрүп жаткандарына да күбѳмүн. Табаа эмес, тобоо. Балким, бир кездери мен дагы кимдир-бирѳѳгѳ кыянаттык кылган чыгармын. Анткени, кемчиликсиз адам болбойт. Аның сыңарындай мен дагы идеалдуу адам эмесмин. Бирок, үй бүлѳѳдѳ болобу, жашоодо болобу ѳз принциптеримди ѳзгѳртпѳй кармап келем. Эр жигиттин кѳркү-намысында дегендей, эки ортодо ойноо бул менин табиятыма туура келбейт.

- Мекенге, Ата-Журтка, улутка болгон сүйүү зарылчылыктан пайда болушу мүмкүнбү?

- Мекенге болгон сүйүү бүтүндөй ааламга болгон сүйүү менен киндиктеш деп билем. Ал эми Ата-Журтка болгон сүйүү зарылчылыктан эмес, ата каны, эне сүтү менен берилүүчү ыйык сезим деп ойлойм. Эгерде кимдир бирөө кайсы бир зарылчылыктан улам улутумду сүйөм десе, анда жаңылышат. Анткени, кыргыз эли түпкүлүгү түбөлүктүү калктардын катарына кирет. Биз өзүбүздүн кылым карыткан тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Мына, канча элдер али күнчө бабаларынын баскан жолдорунан кабарсыз. Канча элдер өз улутунун тарыхын табалбай убара. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да, көчмөн калктын көчү түшкөн, бабаларыбыз байырлап, аталарыбыз жердеген Ата-Журтубуз менен ар качан сыймыктанам.

- Өмүрүңүздө кап, ушуну жасабапмын”- деп өкүнгөн жагдайлар болдубу?

- Ѳкүнүүлѳр ар бир адамда болот. Жашоо ошонусу менен кызык, Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы өмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек... Анткени, тирүүлүктүн ѳзү бакыт. Ошондуктан ѳткѳнгѳ кылчайып ѳкүнѳ бергенди жактырбайм.

- Ата сүрү, эне мээрими тууралуу кеп учугун улаңызчы...

- Атам анча-мынча адам тик багып карай албаган, аябагандай сүрдүү киши болчу. Бирок, ушундай сүрдүү болсо да бизге бир жолу колун тийгизип, жаман айтып урушкан жок. Атамдын бир гана кѳз карашы баарын чечип, ѳз ордубузду айтып коёр эле. Айылыбызда белгилүү, кадыр-барктуу адам болгондуктан тартипти бекем кармачу. Атамдын сѳзү ар бирибиз үчүн мыйзам болгондуктан үй-бүлөбүздө тартип бузуу деген түшүнүк жок болчу. Бирок ажалдан улук эч нерсе жок экен атамдан айрылганыма быйыл он тѳрт жылдын жүзү болду. Кээде күнүмдүк жашоодон чарчаганда, айылыма балалыгымды, атамдын элестерди издеп барам. Анткени, айылымдын чаң баскам ар бир жолдорунда атамдын издери калган... Ал эми апам тескерисинче мээрими жүзүнѳн тѳгүлүп, боорукерлиги, жумшактыгы анан жан дүйнѳсү ушундай бир бай, аруулугу менен айырмаланып турат. Мен аялзатынын асылдыгын, улуулугун апам аркылуу туйгам десем жаңылышпайм. Кудай кут кылсын, быйыл 83 жашта. Былтыр мусулманчылыктагы беш парзынын бирин аткарып Меккеге барып зыярат кылып, ажы болуп келди. Жараткандын жакшы күндѳрүнѳ күбѳ болуп, ѳмүрү узун болсо экен деп тилеп келем. Анткени, ар бир адамдын ападан ѳткѳн ыйык адамы жок.

- Апаңыздын кайсы даамын сагынасыз?

- Бала үчүн эненин колу тийген нерсенин баары ыйык. Апамдын ар бир жасаган тамагын ѳзгѳчѳ тамшанып жейм. Ошентсе да бала кезде тандырга жабылган ысык нандан сары май менен балга аралаштырып жасап берген мыкчымасынын даамы азыр да оозумда. Анан колго камыр жууруп, аны кесип камыр палоо жасачу. Айта берсем тизме узун болот. Мен азыр да апамдын колунан жасалган ар бир даамды тамшануу менен жейм.

- Улуттук оюндарга кызыгасызбы?

- Кызыгам. Абалак кармап, чүкѳ чертип, ордо оюнун жакшы ойнойм. Ат жалында ойногон кѳчмѳн элдин кулуну катары эңишти, кыз куумайды жактырам. Элибиз эрендердин эр оюну деп баалаган аламан улакка түшүп жүрѳм. Чынын айтсам мен “Кѳк бѳрүнү” да элге окшоп стадиондо трибунага чыгып кѳрбѳйм. Атайын атымды алып барып, запаста турган кѳк бѳрүчүлѳр менен ат үстүндѳ кѳрѳм. Мына ошондо ѳзүм аралашып жүргѳндѳй, кѳк бѳрү ойноп жаткан улакчыларды сүрѳѳнгѳ алып, алар жыгылса, ѳзүм жыгылгандай болуп, аттардын кыйналганын, онтогонун ал гана эмес дем алганына чейин угуп аралашып кѳрѳм.

- Ар бир адамдын кѳѳдѳнүндѳ бир сагыныч жашайт дешет...

- Кайда жүрбѳйүн, карегимде Ата-Журтумдун элеси, кѳѳдѳнүмдѳ туулган жерге болгон кусалык, сагынычым жашарын жашыргым келбейт. Ошондой эле менин жүрѳгүмдѳ Кыргызстаныбыз ѳнүгѳт, элибиз бакубатчылыкта жашайт деген терең ишенич жашайт.