(Уландысы. Башталышы: Ахматбек Келдибеков: “Башыма оор күн түшүп турганда - элим мага таяныч, тирек болуп, жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам!” (I бөлүм) http://www.sayasat.kg/kg/sayasat/81076-akhmatbek-keldibekov-bashyma-or-kin-tiship-turganda-elim-mage-taianych-dashk-bolup-stingyz-tashtagan-jockey-menusha-symyktans-im.html)

- “Шайлоо жакындаган сайын айрым депутаттар популизм менен алектенүүнү адат кылып алды" деген коомчулукта сын-пикирлер кѳп. Сиздин оюңуз кандай?

- Мен эч кимди сындагым келбейт. Бирок ачык айтыш керек. Акыркы кезде популизм менен алектенген, шайлоо алдында ѳзүн жакшы кѳрсѳткүсү келген адамдар кѳбѳйдү. Беш жыл унчукпай отурган айрым депутаттар иштерман болуп чыга келишти. Бирок, мындай талапкерлер эл үчүн бир нерсе жасайт деп күтүүгѳ болобу. Ал ѳзү үчүн, мандат-мансап үчүн гана чуркаган адам деп ойлойм.

Анткени эл ѳкүлү элдин, ѳз шайлоочуларынын жашоосун жакшы жакка ѳзгѳртүү үчүн мыйзам жазышы керек. Жазып эле койбой аны коргоп, анын иштеши үчүн кам кѳрүшү кажет. Депутаттар элдин жашоосун жакшыртуу үчүн канча мыйзам жазды, анын канчасы кагаз түрүндѳ калбай натыйжалуу иштеп жатат? Сѳз учугун мына ушундан башташ керек. Ал эми популизм бул депутаттын кѳрсѳткүчү эмес!

Ошондой эле бүгүн эл, жер, өлкө деген түшүнүктөрүбүз курулай кыйкырыкка, жылаңач сүйүүгө, көкүрөк каккан патриотизмге муктаж эмес. Анткени, канча жылдан бери популизм менен ырксыздыктын, коррупция менен жемкорлуктун, билимсиздиктин, айрыкча бекерчи “саясатчылар” уюштурган тоз-тополоңдордун, хаостун айынан түз жерден тайгаланып, мүдүрүлүп келебиз.

- Мыйзам демекчи, сизди тар чѳйрѳдѳ бийликтин үстѳмдүгүнѳ карабай элдин кызыкчылыгы үчүн алтын кенин Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып токтом менен жааптырып салган жападан жалгыз спикер деп келишет? Бул сѳздѳрдүн канчалык чындыгы бар? Кайсы алтын кенин бийликке каршы чыгып жааптырдыңыз эле.

- 2011-жылы мага Таластан атайын аксакалдар, айылдык кеңештин депутаттары болуп бир топ жергиликтүү тургундар келди. Алар менден “Андаш” алтын кенин мыйзамдын негизинде  жааптырып берсеңиз, анткени, кенди иштетүүгө жер шарты туура келбейт”- деп бир топ жүйѳѳлүү кептерин айтышты.

Тактап кѳрсѳм, Андаш кенин чалгындоого 2005-жылдан баштап уруксат берилиптир, аталган компанияны 2005-жылдан 2009-жылга чейин Aurum maining деген компания каржылап келсе, 2009-жылдан тарта австралиялык Kentor Gold компаниясы каржылай баштаптыр. Чет  элдик ишкерлер дагы бир топ каражат жумшашыптыр. Ошондуктан мен аксакалдарга “абалды жеринен кѳрѳйүн, эгер сиздер айткандай эч кандай талаптарга жооп бербесе, анда мыйзам чегинде карап кѳрѳлү”- дедим. Бул боюнча депутаттык комиссия түздүк. Бул тармак боюнча адистер, бир топ депутаттар менен Таласка бардык.

Чын эле кен Талас ѳрѳѳнү боюнча суунун башында экен. Анан дагы казылып жаткан кендин жанында кѳрүстѳн жайгашыптыр. Аталган кен Көпүрө-Базар айылына жакын турганын, Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндө жайгашканын белгиленип, ишкана жергиликтүү калктын пикирин жана экологиялык коопсуздукту эске албаган деп 2011-жылы  24-июлда “Таластагы Андаш кени биротоло жабылсын”- деп токтом чыгарганбыз. Биз чет элдик ишкерлердин кѳңүлү, каражытынан карапайым калктын саламаттыгы алда канча бийик турарын эч качан унутпашыбыз керек.

- Жогорку Кеңеште депутат болдуңуз. Мыйзамдардын көбү чийки, эл кызыкчылыгына туура келбейт, мыйзамга баш ийишиңди же элге жардам беришиңди билбей эки ортодо чайналасың-деген айыл өкмөттөрдү көп кезиктирдим. Мыйзамдардын чийки кабыл алынып жатышына эмне себеп деп ойлойсуз?

- Каралып жаткан мыйзамдын маани-маңызын түшүнбѳгѳн адам талкууга катышып, же ал маселе боюнча жѳндүү пикир айта алабы? Мына жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу боюнча, мамлекеттик курулуш тармагы боюнча, экономика тармагы боюнча бир топ мыйзамдар ураа-ураа менен эле кѳп талкууланбай ѳтүп жатат. Эмне үчүн? Кѳпчүлүк учурда мыйзамдардын чийки кабыл алынып жатышы - эл ѳкүлдѳрүнүн ошол маселени билбегендигинде, ошол маселе боюнча түшүнүгү жоктугунда. Эң негизгиси билимсиздигинде. Мына парламент 2017-жылы жаңы Жазык, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жосундар тууралуу жана Укук бузуулар тууралуу кодекстерин кабыл алды. Бул мыйзамдарга эл аралык уюмдар 13,6 миллион доллар каражат берген. Мен мындай чет элдик уюмдардын каржылоосу менен мыйзам жазып чыгууга каршымын. Ким акча тѳлѳсѳ ошол адам чечет да. Анан батыштын каржылоосу менен эптеп чийки мыйзам жазып, бѳлүнгѳн каражаттын жарымын жеп коюу бул акылга сыйбагандык. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын - Кыргыз Парламенти гана жазышы керек.

- Бирок биз каалайбызбы, каалабайбызбы өнүгүү жолун башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы аркылуу тандап алышыбыз керек да. Дүйнөлүк цивилизациянын табигый мыйзамы ушунда эмеспи?

- Албетте, бул - өтө чоң маселе. Азыр биздин улуттук кууш маселелер гана жарга такабастан, дүйнөдөгү реалдуу картинанын эпкини да ойго салат. Өзүбүзчө мамлекет, эркинбиз дегенибиз менен биздин ой-санаага баш ийбеген, бирок, аны менен аргасыз эсептешүүгө мажбур кылган маселелер бар. Мындай өңүттөн алып карай турган болсок, алдыбызда толуп жаткан кыйын жагдайлар болушу мүмкүн. Ошондуктан биздин дүйнөлүк интеграцияда ордубуз, алган багытыбыз болушу керек. Биз кайсы мамлекеттик түзүмдү эңсебейли, кай багытты албайлы, эң оболу өлкөнүн эң башкы байлыгы болгон элибизге карата гумандуу саясатты тандап алышыбыз керек. Мамлекет да ошол эл үчүн түзүлгөн.

- Акыркы кезде эл арасында эң көп талкуу жараткан эл өкүлдөрү болуп калды. Сиздин пикириңизде парламентте депутаттардын саны канча болсо дейсиз?

- 120-60-40 болсун деп депутаттардын санын талкуулоо бул бир сѳз менен айтканда түккѳ турбаган кеп. Анткени парламенттин эффективдүүлүгү анын санында эмес, табияты, түзүлүшү, формасында. Ал эми “Жок. Депутаттардын санын сѳзсүз  аныктоо керек” десек, анда ар бир аймактын элинин санына жараша депутаттардын саны аныкталышы кажет. Анткени, депутат бул элдин Жогорку Кеңештеги ѳкүлү. Мисалы, 100 миңден ашуун калкы бар аймакта бир депутат, ал эми 40 миң жашоочу бар аймактан тѳрт депутат шайланып жатат. Бир депутат 100 миң шайлоочунун кѳйгѳйүн угууга убактысы жетеби? Ошондуктан бул маселе шайлоочулардын санына жараша чечилиши абзел.

- Азыр Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ѳз ишин жүргүзүп жатат. Сиздин оюңузча Жогорку Кеңештин кайсы чакырылышы жакшы иштеген?

- Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышынын ишмердүүлүгүнѳ эл, коомчулук ѳзү баа бериши керек. Мисалы, бешинчи чакырылышта элдин кѳйгѳйү кандай чечилген, социалдык-экономикалык багытта кандай ѳзгѳрүүлѳр болгон? Жумушка жарактуу жарандарды иш менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү ѳңдүү тармактарда кандай ѳзгѳрүүлѳр жүргѳн. Же бул тармактарды жакшыртуу боюнча кандай мыйзамдар жазылып, ишке кирген. Тѳртүнчү чакырылышта кандай эле? Бүгүн кандай болуп жатат? Азыр бул нерселердин баарын анализдеп электен ѳткѳргѳн эч ким жок. Биз бүгүн стихиялык, мындайча айтканда башаламан абалда бара жатабыз. Баары эле кыйкырып, бир нерсени талкуулап жаткандай, бирок анализ жасаган, жыйынтык чыгарган эч ким жок.

- Мындай кырдаалга ким күнѳѳлүү деп ойлойсуз?

- Система күнѳѳлүү. Кыргызстан эгемендүүлүккѳ ээ болгондон баштап кѳч башында тургандар элге эмес ѳзүлѳрүнѳ ыңгайлуу системаны түзгѳнгѳ аракет кылып келишти. Ал эми 2010-жылдан кийин кадр саясаты, мамлекеттүүлүктүн түзүлүшү, парламенттин кѳз карандысыздыгы ѳңдүү бир топ түзүмдѳр талкалоого учурады. Элдин үнүн бийликке жеткирип туруучу, талаштан тактык жаратып чындыкты айта турган бирден-бир мекеме болгон Жогорку Кеңеш дагы кѳз каранды, жетеленме болуп алсыздандырылды. Атамбаевдин бийлиги жаратуучу эмес, талкалоочу болду. Ал ѳз бийлигин бекемдѳѳ үчүн саясий атаандаштык болбосун деп канча деген саясатчыларды жалган жалаа менен камады. А атаандаштык жок жерде ѳнүгүү, изденүү болот деп ким кепилдик берет.

(Уландысы бар)