- Жашоо-бул жол. Кимдир бирѳѳлѳр үчүн бул жер булочка саткан дүкѳнгѳ барып келүү менен эле бүтсѳ, дагы бирѳѳлѳр үчүн жер шарын кыдырган саякатка айланат экен. Жашоонун маңызы, сиз баскан жолдор тууралуу маегибизди баштасак...

-  Адам тагдырынын негизин, жашоого болгон кѳз карашын жаштайынан түптѳйт деп ойлойм. Ата-эненин, мугалимдердин “Адам бол” деп берген таалим-тарбиясы бул биздин келечекке болгон кѳз карашыбыздын пайдубалы деп билем. Анткени, биз баскан жол мына ошол кечээги алган билимибиздин, келечекке койгон максаттарыбызга болгон аракетибиздин жемиши менен салынган. Андай болсо, жашоонун маңызы – ѳзүң түзгѳн жол менен кѳздѳгѳн бийиктиктерди багындырып, ийгиликтерди жаратуу деп айтсак болот. Бирок, мезгил өткөн сайын дөөлөттөр да, кѳз караш да ѳзгѳрѳт,  адам таанымы өзүнө башка түшүнүктөр системасынын жаңы мейкиндигин издейт. Жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы өмүр деп билсек, демек, биз анын баасын да, баркын да таразалай алышыбыз керек... Анткени, адамдын кыялы, үмүтү мезгилге таандык. Ошондуктан жашоонун маңызы тирүүлүктѳ!

- Бала кезде келечекте ким болом деп кыялданат элеңиз?

- “Райкомдун катчысы болом” деп кѳп айтаар элем. Ал убакта мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы бийик болчу. Бирок, адамдын кыялы, ой-чабыты мезгилге да жараша болот. Менин кыялымдын  түшүнө турган жагдайы ушул эле, ал кезде бул укмуштуу абройлуу кесип эле...

- Кыялдар- үмүткѳ, үмүттѳр максатка айланганда, идеялар ишке ашат деп айтышат. Идеяларыңыз ишке ашпай калган учурлар барбы, бул боюнча жаштарга кандай кеңеш айтат элеңиз?

- Жаңы иш баштап аны аягына чыгарбай, ара жолдо калтырып коюу бул менин табиятыма туура келбейт. Бирок кээде ушундай учурлар болот жаныңда жүргѳн, же сени курчап турган чѳйрѳнүн таасиринен алдыга койгон максаттарың ишке ашышпай калышы мүмкүн. Элибизде жакшы сѳз бар эмеспи “душман алыстан келбейт” деген. Анын сыңарындай ичи тар, кѳрѳ албас, арттан бычак урган жандар жаныбызда эле жүрѳт.

Анан ѳз жашоосун эптей албаган, жашоодо жолу болбогон жалкоо адамдар гана башка бирѳѳнүн турмушуна саресеп салып, анын ийгилигине ичи күйүп ѳмүр сүрѳт экен. Ѳз тагдырын жаза албаган жандар гана алгач, башка бирѳѳнүн ѳмүрүнүн окурманы, анан сынчысы, аягында анын ийгиликтеринин душманы болуп чыга келет. Ошондуктан мен жаштарга “ѳзгө өмүрдүн окурманы эмес, өз өмүрүңѳрдүн жазуучусу болгула” деп айтаар элем.

- “Тагдыр сыноосу ар бир адамдын башында бар” деп айтышат. Мындай сыноого сиз дагы кабылдыңыз беле? Ѳткѳн ѳмүрүңүзгѳ саресеп салып кѳрбѳйсүзбү?

- Эгерде менин ѳмүрүмѳ кѳз чаптыра турган болсок, менин жашоом деле сыдыргыга салгандай түз болгон жок. Албетте, мен жеткен бийиктиктер болду. Бирок ал ийгиликтерди бут тосуу, жалган жалаа, каралоо, кѳрѳ албастык коштоп жүрдү. Мунун баарын тагдыр сыноосу дейбиз. Эгер тагдыр сыноосу десек, анда мен бул сыноодон мүңкүрѳп сынып калган жокмун. Мындай кырдаалдан майтарылбай чыгуу үчүн, алдыга койгон максаттарың бийик, таза болсо гана, баардык кыйынчылыктарды жеңе аласың. Анткени,  тагдыр сындыра албаганды, адамдар эч качан сындыра албайт!

- “Элдин уулу болом” деген адам ар дайым элдин сынында. Ошондой эле элдин иши эрдин мойнунда”, же “эр эмгегин эл унутпайт” дешет. Элдин сынында жүрѳсүз, элдин колдоосуна ээ болгон учурларыңызды эстей аласызбы?

- Саясатчы үчүн элдин сыны - күзгү деп билем. Бирок, баарына жагуу мүмкүн эмес. Ал эми сенин дарегиңе айтылып жаткан сында чындыктын үлүшү болсо, андан сѳзсүз жыйынтык чыгаруу керек. Анан жѳн гана далилсиз, жалган жалаа менен каралоо болсо андай кѳрѳ албас, ушакчылардын деңгээлине түшүү кажет эмес.

Эл мени эки жолу ѳздѳрүнүн Жогорку Кеңештеги ѳкүлү кылып шайлашты. Ошол учурда акча, бийлик, мансап менен элдин добушун алууга мүмкүн болсо, мен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланмак эмес элем. Бул элимдин мага болгон зор ишеними, колдоосу деп билем.

Ал эми жалган жалаанын курмандыгы болуп, башыма оор күн түшүп турганда, элим мага таяныч, тирек болуп жалгыз таштаган жок. Мен ушуга сыймыктанам. Калкымдын колдоосу менин душмандарымдын ичин күйгүзгѳн бийик жеңишим болчу деп ишенимдүү айта алам.

- Биздин мамлекет үчүн президенттик-парламенттик башкаруу системасы өз жемишин берип жатат деп ойлойсузбу?

- Ѳз жемишин берип жатат деп айта албайм. Себеп дегенде биз күчтүү президенттик башкарууну да кѳргѳнбүз. Президенттик-парламенттик башкарууга да күбѳ болуудабыз. Бирок, президенттик же парламенттик башкарууга ѳтѳбүз деген менен, бул маселенин түпкү маңызын түшүнбѳй жатабыз. Эгерде, биз күчтүү президенттик башкарууну курабыз десек, анда күчтүү парламенттик системаны да түптѳшүбүз керек. Мисалы, ошол эле айрым саясатчылар айтып жаткан Американын башкаруу системасын алып кѳрѳлү. Аларда президенттик башкаруу, бирок ѳлкѳ башчысынын ѳзүм билемдигине жол бербеген АКШ Конгрессин, анын ичинде Сенатты алсыз деп айтууга мүмкүнбү. Жок.

Ооба,  биз дагы башкалардан үлгү албайын өнүгө албайбыз, бирок ошол эле мезгилде  алардын тажрыйбасы бизге даяр рецепт болуп бербейт. Биз канткен күндө да өзүбүздүн тарыхый, маданий уңгубуздан, улуттук наркыбыздан танбашыбыз керек.

Анткени азыркы өнүгүү “сели”, технопрогресс улуттагы улуттук өзгөчөлүктү жоюп баратканы өтө опурталдуу тенденция. Ошон үчүн биз руханий турмушта гана эмес, мамлекеттик моделдин өзүндө да улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап калышыбыз кажет. Ошондой эле  өнүгүүнүн шартында биз нукура цивилизацияга кошула турган жолду, өзүбүздү өзүбүз жоготуп албаган жолду тандашыбыз абзел. Эң башкысы, улуттук өзгөчөлүктү сактоо менен аны дүйнөлүк ѳнүгүү багытына ыкташыбыз зарыл. Мына ошондо өз жолубуздан, багытыбыздан адашпайбыз деп ойлойм.

Анткени, биз көѳнѳ тарыхы, бай руханий маданияты бар улутпуз. Биздин алмуздактан ѳзүбүздүн үрп-адат, каада-салтыбызга негизделген башкаруу системабыз болуп келген. Ошондуктан президенттик дейбизби, парламенттик дейбизби, же президенттик-парламенттик дейбизби, биз ѳзүбүздүн башкаруу системабызды бүгүнкү күндүн талабына ыңгайлаштырып иштеп чыгышыбыз керек. Анткени, ѳзѳгү элибиздин үрп-адат, каада салттарына камтылган система гана бизди бул туңгуюктан алып чыга алат деп ойлойм.

- Партиялык тизме, кадр саясаттын кыйроого алып келип жаткан жокбу?

- Бүгүнкү күндѳ бир окуруг партиялык тизме менен шайланып келген парламент ѳз натыйжасын бере албай жатканына баарыбыз күбѳбүз. Же калппы? Парламент деген сѳздүн түпкү маңызын чечмелей албаган адамдар депутат болуп жатат. Эң ѳкүнүчтүүсү, мамлекеттик түзүлүштѳн түшүнүгү жок, мамлекеттин тышкы саясатты менен ички саясаттын айырмалай албагандар деле, бир күн мамлекеттик кызматта иштебей туруп, бир аз акча таап депутаттык мандатты сатып алса болот деген ойлор барган сайын коомчулукка сиңип бара жаткандай. 

Эл ичинде акчалуу адамдар добуш сатып алып, эл ѳкүлү болсо боло берет экен деген түшүнүк пайда болууда. Биз мындан таза шайлоо менен гана кутула алабыз деп ойлойм.

Ошондой эле капчыктууларды да экиге бѳлүп кароо туура болот деп ойлойм. Биринчиси, бир чоң компания түзүп, элди иш менен камсыз кылып, ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ ѳбѳлгѳ түзүп жаткан ишкерлер. Алар мамлекеттик система, экономикалык мыйзамдар боюнча түшүнүгү бар адамдар. Буларды капчыктуулар саясатка аралашып жатат, же парламентке келди деп сындоо туура эмес деп эсептейм. Анткени, канчалык сындабайлы, алар бир нерсени жаратып, ѳлкѳ казынасына ѳз салымдарын кошуп жатышат.

Ал эми алып-сатарлык менен, же күмѳндүү байыгандар мамлекеттик системага түшүнбѳйт. Биз бул нерсени коркпой эле айтышыбыз керек. Анткени, “мамлекет”  деген өтө татаал механизм. Шайланган адам мамлекеттик саясаттын түпкү маңызын билбесе, тажйырбасы болбосо, кантип, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселелерди чечип, саясат жүргүзѳ алат?

(Уландысы бар)