Тизмеге өз чечими менен өлкөсүндөгү, ошондой эле аймактагы кво-статусун өзгөртүп, эл аралык аренада абалга чоң таасир этүү менен ММКларда көп айтылган ысымдар кошулган.

“Фул Голд Майнинг” компаниясынан жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Компаниянын генералдык директору Гун Цзегуандын мөөрү менен колу коюлуп, кесиптик кошуунга жиберилген катында болсо ишкана каржы маселесинде кыйынчылык болуп жатканы үчүн маяналарды азайтууга аргасыз болуп жатканы жазылган.

Медиктер аларды эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткарууга мажбурлап жаткандыктарына даттанышууда.

Бүгүн ишке кирген Шымкент — Ташкент каттамы күндө таңкы 6дан кечки 8ге чейин саат сайын аткарылып турат.

Түндүк Корея бийлиги Түштүк Кореянын 9-январда түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча сунушун колдоду. Бул 2015-жылдан берки жогорку деңгээлдеги алгачкы жолугушуу болот. Ал эки өлкөнүн чек арасынын кесилишиндеги Пханмунджом айылында өтөт.

Өкүмдү судья Абдразак Боромбаев окуду.

Түркмөнстанда кийинки окуу жылынан тарта бала бакчага барган балдарды гана мектепке кабыл алышат.

Кошмо Штаттар диний эркиндиктин чектелишине байланыштуу Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды “өзгөчө кооптондуруу жараткан” он өлкөнүн катарына кошту.

Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган ирандык укук коргоочу Ширин Эбади ирандык демонстранттарды нааразылык акциясын улантууга чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигин Душанбе шаарынан Худжандга көчүрүү керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал кечээ парламенттин жалпы жыйынында айтты.

 

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашкандай, мурда соттолгон жарандар имам «Аль-Бухари», мемориалдык комплексин жана Самарканддагы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитин зыярат кылышты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы аба базасы минометтон аткыланганын ырастап, анын кесепетинен эки аскери өлгөнүн да тактады.

Казакстандын өкмөтү Тажикстанга, Кыргызстанга жана Сирияга расмий гуманитардык жардам бөлүп берүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз өкмөтү Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу мыйзамсыз миграцияны ооздуктагысы келет. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылып жатат. Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул жобо коомдук талкууга коюлду.

“Жылдын мыкты саясатчысынын” бейнесине сүртүмдөр

"Азыр да гезитте чындыкты туу туткан, адилеттик үчүн күрөшкөн макалалар толтура. Кандай кырдаал, кандай маселе болбосун өз чындыгын жазышат. Алдуулар алсыздарды басмырлап, жок кылгысы келген коомдо мына ушундай гезиттердин көп болушу баарыбыз үчүн пайдалуу".

3-январда Киевдин округдук административдик соту Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын лидери Михаил Саакашвилини качкын же кошумча коргоого муктаж адам деп таануудан баш тартты.

Шаршембиде Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар массалык демонстрацияларга чыгышты. Алар өткөн жумадан бери өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларга каршы экендиктерин билдиришти.