Кыргызстандын вице-премьер-министрлик орунуна талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Санжар Муканбетов өлкөдөгү казинолордун жабылышы саясий мүнөздө болгонун белгиледи. Ошондой эле ал казинолордон экономикага бир топ пайда түшүп турганын кошумчалады.

 

 Депутат Зиядин Жамалдинов лотерея тууралуу мыйзам эмнеге ишке ашпаганына кызыкты.

 

 «Дистрибьютрди тандоо боюнча тендер өткөрүлгөн. Бирок, эреже бузуулар болгондуктан жокко чыгарганбыз. Премьер-министрдин көрсөтмөсү менен бул жылы мамбюджеттин эсебинен лотерея өткөрүү пландалып жатат», - деди Муканбетов суроого жооп берип.

 

Депутат бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөнүн эске салып, акчалар кайда экенин сурады эле, Муканбетов мамишкана ачылганын, акчалар ошол ишкананын эсебинде турганын белгиледи.