Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

 

Маалыматка караганда, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге, Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.

 

Депутаттар Тышкы иштер министрлигинен мындан ары да Орусияда эле эмес, чет өлкөлөрдүн баарында өкүлчүлүктөрдүн санын көбөйтүү чараларын колго алууну өтүнүштү. Алар буга кыргыз эмгек мигранттары жумуш берүүчүлөр менен соттошуп калганда, Кыргызстандын өкүлчүлүктөрдүн жоктугунан улам, көп маселелер оӊ жагына чечилбей калып жатканын мисал тартышты.

 

Белгилей кетсек, аталган маселе тармактык комитеттин өткөн жыйынында талкууланып жатканда, өлкө аймагында дипломатиялык кызматкер макамына ээ болгон чет өлкөлүк жарандардын өтө арбып баратканын белгилеген депутат Каныбек Иманалиев чет өлкөлүк миграция мекемелеринин Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачуусуна квота киргизүү зарылдыгын белгилеген.