Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту жергиликтүү тургун Леонард Конвишерди соцтармактагы христиандарга карата жек көрүүнү пайда кыла турган посту үчүн 400 миң рубль айыппул төлөөгө милдеттендирди.
Бул тууралуу Интерфакс жазып чыкты.
Л. Конвишер Россия Кылмыш -жаза кодексинин «Каршылашууну, же жек көрүүнү жаратуу» беренесине ылайык айыптуу деп табылды.
Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алды.