КР Улуттук статистикалык комитети Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчисин кызматттан алды. Буга себеп, жетекчинин шайлоодон кийин мас абалында иш бөлмөсүндө уктап калган видеосу интернетке тараган.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аталган мекеме Ноокат районундагы окуя боюнча кызматтык териштирүүсүн аяктаган.

 

Анын жыйынтыгында, Расулбек Ташов кызматкерлердин эмгек  дисциплинасын одоно бузгандыгы,  жумуш ордунда алкоголдук ичимдиктерди колдонуп келгендиги үчүн атайын берене менен кызматынан алынды. Аны менен бирге анын орун басаы Шайырбек Арапов да жумуштан кетти.

 

Эске салсак, интернетке тараган видеодон Ноокат райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмүнүн жетекчиси Расулбек Ташов жана эки кишинин иш бөлмөсүндө уктап жатканын жана стол үстүндө ширенин жана арактын бөтөлкөлөрү турганын көрүүгө болот.