Премьер-министр Сапар Исаков ымыркайлуу болгон ата-энеге сүйүнчү жөлөкпулун берүү жолун оңойлоштурат.

 

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Сапар Исаков  ымыркайдын төрөлгөнүнө карата берилчү пособие боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ал жарандар үчүн сүйүнчү акча алуудагы процедураны жөнөкөйлөштүрүп, бюрократиялык көрүнүштөрдү азайтуу зарылдыгын белгиледи.

 

Сүйүнчүнү берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги биргеликте электрондук аракеттерди көрөт. Ымыркайдын төрөлөшү каттоого алынаары менен анын ата-энесинин аты-жөнү, жашаган жери, банк эсебинин номери Мамкаттоодон Соцминистрликке  жөнөтүлөт.

 

Соцминистрлик өз кезегинде маалыматтарды жарандын банктагы көрсөтүлгөн эсебине акча которууга тийиштүү тарапка билдирет.