Жогорку Кеӊеш Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин талапкерлигин жактырды.

 

Белгилей кетсек, ал    Улуттук банктын төрагалыгына кеткен,  мурдагы вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун ордуна сунушталды.

 

Депутаттар Санжар Муканбетов вице-премьер-министрликке дайындалып калса, кайсы тармакты тескей турганына кызыгышты.

 

Депутаттар Дастанбек Бекешев, Рыскелди Момбеков   Муканбетовдун  мыкты адис  экенин белгилөө менен бирге, бир Өкмөт үчүн 4 вице-премьер-министр көптүк кыларын, алардын санын кыскартуу зарылдыгын айтышты.

 

«Мисалы, кесиби зоотехник вице-премьер чек ара маселесин кантип тескей алат?», - деди  депутат Момбеков.

 

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жаӊы вице-премьер-министр экономикалык тармакты, анын ичинде кирешелер менен чыгашаларды, банк тармагын тейлей турганын белгиледи.

 

«Мен деле мурда ошонтип ойлочумун, бирок Өкмөттүн ишине аралашкандан кийин    4 вице-премьер-министр зарыл экенине көзүм жетти. Иш көп, жоопкерчилик жогору, алтургай кээде 4 вице-премьерлер жетишпей жатабыз», - дейт ал.

 

 

Белгилей кетсек, Санжар Муканбетов 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин «электроника инженери» адистиги боюнча, 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин «экономист» адистиги боюнча бүтүргөн.

 

Эмгек жолун «Жанар» (мурдагы ЭВМ) заводунда инженер-конструктор катары баштаган. Кийин «Дастан» ишканасында, Мамлекеттик мүлк фондунда, Каржы министрлигинде, Экономика министрлигинде жооптуу кызматтарда иштеген. Буга чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп турган.