Жалал-Абад шаарында мас абалында унаа башкарып бара жатып экинчи машина менен кагышты делген судья Элмира Сулайманованы кызматынан бошотуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Кытайда бир айга чукул убакыттан бери кооптуу вирус жайылып, адам өмүрүн алууда. Ал өлкө провинцияларынан тышкары жакынкы мамлекеттерге да тарап жаткандыгы айтылууда.

Бүгүн, 27-январда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» төрагасы Айтмамат Назаров «Электр станциялары» ААКтын жамаатына башкы директордун биринчи орун басары Таалай Бектеновду тааныштырды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 23-январынан тарта Кытай Эл Республикасы менен болгон бардык каттамдар толук бойдон токтотулду. Бул тууралуу КР премьер-министри Мухаммедкалый Аблыгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылды.

Айбек Мусаев КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары кызматына киришти. Ал тууралуу буйрук чыгып, бүгүн, 27-январда жамаатка тааныштырылганын КТРКдан тастыкташты.

Бишкекте "WOE EXPO 2020" аталышындагы билим жармаңкеси өтө турганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билл Гейтс менен анын жубайы Мелинданын фонду коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "24.kg" сайтына койгон доосунан баш тартты. Бул тууралуу Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Таиландда футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда Түштүк Корея курама командасы чемпион аталды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.

 

Америкалык баскетболчу Коби Брайант 13 жаштагы кызы менен 26-январда авиакырсыктан каза болду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М.Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде президентке аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

АКШда коронавирус чакырган пневмония оорусу менен жабыр тарткан 5 адам катталган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.

Бүгүн, 27-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ боюнча жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ жаңыланганга чейин ар бир күз-кыш жылуулук мезгилине даярдануу үчүн гана жылына 4 миллион 500 миң сом каражат коротулуп турганын айтты.

Түркиянын чыгышындагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 39 адамга жетсе, 1607 адам жабыркады. Жабыркагандардын көбү Элязыг провинциясынын, андан кийин Малатьянын тургундары экенин жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Кыргызстан коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча бардык чараларды кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев өмөттүн кезектеги жыйынын жүрүшүндө билдирди.

«Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаровдун респбликанын түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында “Ошэлектр” ишканасында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу “Энергохолдингдин” басма сөз кызматы кабарлайт.

2020-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 33,9 млн адамга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 650,3 миң кишиге же 2%га көбөйдү. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курамасы (19 жашка чейин) CAFA-2020 чемпионатындагы үчүнчү беттешинде Тажикстандын курамасын жеңип алды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан билдиришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча чечкиндүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчы 26-январда «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.