Маалыматка ылайык, жыйында 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилинин өтүшү тууралуу талкуу болуп, «Ошэлектр» ААКнын бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана РЭТтердин жетекчилери катышты. Жыйында калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо, оперативдүү тейлөө маселелери көтөрүлүп, 2020-жылга пландар коюлду.
Айтмамат Назаров «Ошэлектр» ААКнын жылдык отчету өткөн жылдарга караганда бир топ ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, ошону менен бирге кемчиликтердин үстүнөн иштөөнү жана 2020-жылга 80 000 “акылдуу” электрэсептегичтерди орнотууну тапшырды.
Ошондой эле, ал «Бирдиктүү колл-борборду» киргизүүнүн, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуунун жана ошондой заманбап маалымат технологиялардын алдыңкы продукцияларын өндүрүштө колдонууну талап койду. GIS программасын колдонууда же болбосо компаниянын электр тармактарындагы ар бир электр бирдиктин геолокациялык жайланышын киргизүүнү сунуштады.
Булак: Кабар