Ал эми саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын айтып, жарандарды такталбаган жалган маалыматтарды таратпоого чакырган.
Ошол учурда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов вируска каршы респиратор тагынган сүрөтү коомчулуктун талкуусуна түштү. Эл өкүлү социалдык баракчасына, “Смог аз келгенсип, эми вирус коркутуп баштады” деген билдирүүнү калтырган.
Булак: elgezit.kg