Ага ылайык, жармаңке 20-февралда саат 13:30дан 19:00гө чейин Бишкектеги Sheraton мейманканасында өтөт.
"Иш-чарага Улуу Британия, АКШ, Канада, Швейцария, Голландия, Италия, Малайзия, Россия, Япония, Венгрия, Испания, Германия, Түркия, Австралия болуп 40 чет өлкөлүк университеттин жана тил курсунун өкүлдөрү келет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Италияда магистратура жана бакалавр программасында окууну каалагандарга 22-февралда саат 14:00дө кошумча жармаңке өткөрүлөт.
Булак: Кабар